"Экстремизмге чакырык кылганы жабылат": Францияда мечиттер текшерилүүдө

Пантендеги мечит
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Октябрда соттун чечими менен Париждин чет жакасында жайгашкан мечиттердин бири жарым жылга жабылды

Франциянын бийлиги мечиттерди жана намазканаларды массалык түрдө текшерүүгө алууда. Ички иштер министри Жералд Дарманендин айтымында, кайсыл бир диний жайда экстремизмге чакырык болсо, дароо жабылат.

Өлкөдө экстремизм боюнча жаңы мыйзам кабыл алынды. Мындай жол менен бийлик октябрдагы террордук чабуулга жооп кылды. Мектеп мугалими Самюэль Патини 16-октябрда Париждин чет жакасындагы жашаган үйүнөн башын кыйып өлтүрүп кетишкен эле.

Дарманен жергиликтүү басылмаларга маек берип, 76 мечит жана намазкана байкоого алынарын айтты. Алардын 16сы Парижде жана анын жака-белинде.

ИИМ жетекчиси мындай диний жайлардын он сегизинде тез аранын ичинде текшерүү жүргүзүүнү буйрук кылды. Министр өзүнүн "Твиттер" баракчасына жикчилдикке каршы күрөшүү үчүн масштабдуу аракеттер башталганын жазды.

Инспекторлор мечиттин каржы булагын, имамдын байланыштарын текшерип, Куран жаттаткан медреселердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт. Текшерүү 76 мечитте жана болжолу 2600дөй мусулмандар табынган жайларда өтөт.

Дарманен өлкөдө радикалдашып кеткен мусулмандар саны көп деле эмес деп айтты.

"Франциядагы мусулмандардын дээрлик баары Республиканын мыйзамдарын сыйлайт жана алар радикалдашуу болуп жатканына ачууланат",-деди министр. Ал Самюэль Патини башын кыйып өлтүргөн окуя жана чиркөөдө бычак менен үч кишиге кол салуу болгонуна коомчулуктун үрөйү учканын кошумчалады.

XIX кылымдын соңунан бери француз коомундагы светтик мүнөз конституциялык түзүмдүн жана улуттук иденттүүлүктүн негизги принцибине айланган. Франция светтик мамлекеттин жана сөз эркиндигинин принциптеринен эч качан баш тартпай турганын айтып келүүдө.