Карабак: Азербайжан согуштагы жоготууларын ачыкка чыгарды

аскерлер

Тоолуу Карабактагы 27-сентябрда башталган согуштан бери биринчи жолу Азербайжан аскер жоготуулары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарды. Коргоо министрлиги тараткан маалыматта 2 783 аскер кызматкери курман болгону айтылды.

Андан сырткары азербайжандык 1245 аскер кызматкери ооруканда дарыланууда. Тоолуу Карабактагы согуштун жүрүшүндө Азербайжан жоготуулары тууралуу маалыматты жашыруун кармап келди. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы жайкын тургундар арасындагы курмандыктар тууралуу гана маалымат берип турду.

Ал эми армян расмийлери болсо курман болгон аскерлердин ысымдарын күн сайын жаңылап жатты. Тынчтык келишимине жеткенге чейин Армения 2718 жоокерин жоготту.

Тоолуу Карабактагы согуш 27-сентябрда башталып, 9-ноябрдын түнүндө токтотулду. Армения жана Азербайжан Орусиянын ортомчулугу менен үч тараптуу келишимге жетти.

Келишимге ылайык, Азербайжан 1990-жылдары Армения ээлеп алган аймактарын кайтарып алууда. Жети районду жана Тоолуу Карабактын бир бөлүгү Азербайжандын көзөмөлүнө өттү. Анын ичинде Шуша жана Гадрут шаары бар.

Армения күчтөрү 1-декабрга чейин келишимде көрсөтүлгөн аймактарды бошотуп бериши керек эле. Армян аскерлери акыркы болуп Лачин районунан чыгып кетти.

Согуштун мындай жыйынтыгын Азербайжан жеңиш катары кабыл алды. Президент Ильхам Алиевдин чечими менен 8-ноябрь Азербайжанда Жеңиш күнү катары белгиленди. (AbA)