Түркиядагы төңкөрүш: Эрдогандын жүздөгөн каршылашы катаал жаза алды

Сот иши 2017-жылы башталган эле
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сот иши 2017-жылы башталган эле

Түркиянын соту төрт жыл мурунку төңкөрүш аракети боюнча дароо 337 кишини өмүр бою абак жазасына кести. Бул 2016-жылдын 15-16-июлундагы ишке ашпай калган аскер төңкөрүшү боюнча эң ири сот иши болуп калды.

Президент Эрдогандын өмүрүнө кол салуу жана бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен 500 киши сотко алып келинди. Анын ичинде 25 генерал бар. 475 айыпталуучу ишке ашпай калган төңкөрүштө маанилүү ролду ойногон Анкарадагы Акинжи авиабазасына тиешелүү кишилер. 337 киши өмүр бою абак жазасын алды. Алардын ону күчөтүлгөн режимде кайтарылат.

Соттук териштирүү 2017-жылдын июлунда Анкаранын чет жакасындагы "Синжан" абак жайында башталган. Бир жарым миң кишиге ылайыкталган атайын зал курулган болчу. Өкүм окулуп жаткан күнү киши шыкалып турду.

Алты кишиге сыртынан айып тагылды. Алардын катарында АКШнын Пенсильвания штатында бозгунда жашаган 79 жаштагы таасирдүү динаятчы Фетхуллах Гүлен бар. Анкара ишке ашпай калган төңкөрүштү уюштурган деп динаятчыны айыптап келет. Бирок ал муну куру доомат эсептеп, четке кагып келүүдө.

Түркиянын Аба күчтөрүнүн мурдагы жетекчиси Акин Өзтүрк ушул эле иш боюнча өткөн жылы өмүр бою эркинен ажыратылган.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Эрдогандын тарапташтары аскерлерге каршы көтөрүлгөн. Анкара, 2016-жылдын 16-июлу

Төрт жыл мурдагы окуялар

2016-жылы 15-июлда төңкөрүшчүлөр Акинжи авиабазасын басып алышкан. Ал жердеги F-16 үлгүсүндөгү аскер учагы бар эле. Алар Башкы штабдын жетекчисин барымталап, "Конституциялык тартипти, адам укугун жана эркиндикти калыбына келтирүү үчүн" бийликти колго алышканын жарыялайт.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Соттук териштирүү 2017-жылдын июлунда Анкаранын чет жакасындагы "Синжан" абак жайында башталган

Анкара менен Стамбул көчөлөрүнө куралдуу аскерлер жана техника чыкты. Аскер жетекчилери Эрдоган тарабынан жүргүзүлгөн исламдашуу саясатына жана жеке бийлигин чыңдоо аракетине каршы чыкканы айтылган. Бирок президент ошол маалда Жер Ортолук деңиздеги Мармарис курортунда болуп калып, аскерлер аны кармай алышкан эмес. Эрдоган Стамбулга кайтып келип, теле аркылуу элге кайрылуу жасайт. Ошентип анын миңдеген тарапташтары көчөгө чыкты.

Акинжи авиабазасынан учуп чыккан F-16 аскер учагы парламент имаратына үч жолу сокку урган. Жыйынтыгында 68 киши каза таап, 200 чамалуусу жаракат алган. Бул окуяларда жалпысы болуп 251 киши набыт болуп, эки миңдейи ар кандай жаракат алышты.

Ишке ашпай калган төңкөрүштөн соң президент Эрдоган массалык түрдө тазалоо кылды. 100 миңдей мамлекеттик кызматкер жумуштан бошотулуп, 2,5 миңден ашуун киши өмүр бою эркинен ажыратылды.(AbA)