ДССУ: Европада Covid-19 вирусунан көз жумгандар кескин өстү

People walk in Moscow's Red Square amid the Covid-19 pandemic
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Орусияда көчөдө милдеттүү түрдө беткап менен жүрүү эрежеси күчүнө кирди

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна ылайык, Европада өткөн жумада Covid-19 вирусуна байланыштуу өлүм-житим 40 пайызга жогорулады. Буга Франция, Испания, Британия, Голландия жана Орусиядагы курч абал себеп болду.

"Ооруканалар жана кайра жандандыруу бөлүмдөр тез толуп жатканы тынчсыздандырат",-дейт ДССУнун басма көз өкүлү Маргарет Харрис.

Уюм Европадагы жаңы карантин чектөөлөрдүн натыйжасы эки аптадан кийин гана сезилет деп белгиледи. Ал эми экинчи толкун канчалык оор болот деген суроого, Харрис айым ооруканалар жана дарыгерлер мыкты даярдыкта экенин, бирок вирус менен узак мөөнөттөн бери күрөшүп жаткан медициналык кызматкерлер чарчаганын айтты. ДССУ дарыгерлерге жардам берүү үчүн ар бир тургунду жоопкерчиликтүү болуп, беткап кийип, санитардык эрежелерди жана социалдык аралыкты сактоого чакырды.

Орусияда бир күндүн ичинде 320 киши вирустан кайтыш болуп, жаңы антирекорд түзүлдү. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 26 589 киши вирустан көз жумду. Орусия вируска кабылгандардын саны боюнча АКШ, Индия жана Бразилиядан кийин эле төртүнчү орунда турат. Шейшемби күнү 16 550 кишиден вирус аныкталды. Ошондуктан көчөлөрдө, коомдук транспортто, таксилерде жана башка коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап менен жүрүү эрежеси күчүнө кирди.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Орусияда бир күндүн ичинде 320 киши вирустан каза тапты

Италияда дагы абал курч. Бул өлкөдө 24 сааттын ичинде 221 киши вирустан каза тапты жана дээрлик 22 миң киши коронавирусту жуктурду. Жергиликтүү расмийлер Covid-19 вирусун аныктоо үчүн жапырт тест алуу чаралар дагы көрсөткүчтү көбөйткөнүн айтышууда. Италияда дүйшөмбү күндөн тарта айрым карантин чектөөлөрү кайра күчүнө кирген.

Чех Республикасы вирустун жайылышын токтотуу үчүн коменданттык саат киргизди. Шейшемби күндөн тарта кечки 21:00дөн таңкы 04:59ге чейин көчөгө чыгууга тыюу салынат. Бир гана медициналык жардам алуу жана жумушка барып-келүүгө уруксат берилет.

Башка өлкөлөрдө абал кандай?

Кыргызстанда 28-октябрга карата 538 кишиден вирус аныкталып, эки адам каза тапты. Жалпысы болуп 57 276 киши вирусту жуктуруп, 1 138 адам көз жумду. Саламаттыкты сактоо министрлиги шайлоо жана андан кийинки саясий окуялар оорунун жайылышын шарттаганын айтууда.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун экинчи толкунуна карата даярдыктар тууралуу маалымат берди.

"Бир жарым айга дары-дармек жана коргонуучу каражаттар жетет. Фармацевтикалык компанияларга биздин министрлик ФОМС аркылуу бир миллиард эки жүз миң сом карыз болуптурбуз. Мен өзүм гарант болуп, фармацевтикалык компаниялар менен сүйлөшүп, дары-дармектер менен бардык мекемелерди үч-төрт айга камсыздайбыз".

Коңшу Казакстанда соңку суткада 148 жаңы учур катталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 110 832 адам вирусту жуктуруп, 1 835 киши көз жумду.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнөдө 43,9 миллион киши вируска кабылды, 1,17 миллион адам көз жумду. Жалпысы болуп 29,7 миллион киши вирустан сакайды. Ал ортодо Лондондогу Империалдык колледж изилдөө жүргүзүп, коронавирустан сакайгандан кийин иммунитет вируска бир нече ай бою эле туруштук берерин аныктады. Окумуштуулар июнь жана сентябрь айларында вирустан сакайгандардын организмдеги антитулку 25 пайызга азайганын тапты. Ал эми 65 жаштан жогору кишилердин антитулкусу андан дагы көпкө азайган.