Президент Эрдогандын геосаясий тиреши, түрк лирасы кунун жоготту

President Erdogan giving speech, 20 Oct 20
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Президент Эрдоган Түркияны бир нече регионалдык жаңжалга аралаштырды

Түркиянын улуттук валютасы долларга карата эң төмөнкү чекке (8.15) түштү. Анкара НАТОго мүчө болгон өнөктөш мамлекеттери менен кайым айтышып жатканда, Түркиянын экономикасы олку-солку абалга кептелди.

Эксперттер Түркияда өткөн айда инфляция 11.7 пайызга көтөрүлгөнүн, ал эми Улуттук банк үстөк пайыздарды көтөрүүдөн баш тартканы өлкөнүн экономикасына кедергисин тийгизди деп айтышууда. Түрк лидери үстөк пайызды көтөрүүгө каршы чыккан.

Быйыл Анкара улуттук валютасынын кунун туруктуу кармап туруу үчүн 134 миллиард доолар жумшаганына карабастан түрк лирасы 26 пайызга арзандады. Коронавирус пандемиясы дагы Түркиянын экономикасына терс таасир этти.

Ошондой эле инвесторлор президент Эрдогандын Ливия, Сирия жана Кавказдагы жаңжалга аралашып жатканына тынчсызданып турганы белгиленүүдө.

Түркиянын геосаясий кызыкчылыктары

Rabobank компаниясынын экспертти Пиотр Матис, АКШдагы шайлоодо Жо Байден жеңишке жетсе, Түркияга каршы санкциялар жарыяланышы мүмкүн экенин айтат. Буга Түркиянын Орусиядан С-400 зениттик-ракеталык комплексин сатып алганы себеп.

23-октябрда президент Эрдоган C-400 ракетадан коргонуу системасы ийгиликтүү сыналганын маалымдаган. Бул аракетти АКШ сынга алгандан кийин, Эрдоган "санкцияларыңарды жарыялай бергиле, ким менен ойноп жатканыңарды түшүнбөй жатасыңар" деп жооп кайтарган. Вашингтон Түркия Орусиядан коргонуу системасын сатып алса, келечекте коопсуздук боюнча кызматташтык жаатындагы иштер токтотулушу мүмкүн экенин эскерткен.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

С-400 комплекс 400 чакырым аралыктагы бутага таамай тиет жана бир учурда 80 бутаны атып түшүрө алат

Андан тышкары Түркия менен Франция ортосундагы мамиле дагы бузулду. Европа Биримдиги Түркиянын негизги соода өнөктөшү. Бирок октябрь айынын башында Түркия Жер ортолук деңизде газды чалгындоо иштерин баштаганы бир катар Европа мамлекеттерин, анын ичинде Франция, Кипр менен Грецияны нааразы кылды. Европа Биримдигинин лидерлери президент Эрдоганга эскертүү дагы беришкен.

Буга жооп катары Эрдоган президент Макрон Франциядагы мусулмандарга терс мамиле жасап жатканын белгилеп, Жакынкы Чыгыштагы айрым араб мамлекеттеринин Францияда өндүрүлгөн азык-түлүккө бойкот жарыялоо чакырыгына кошулду. Макрон өлкөдө экстремисттерге каршы катаал күрөш баштаган.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Орусия менен Түркия Ливия, Сирия жана Тоолуу Карабахта каршылаш тараптарды колдоп келет

Түркия геосаясий тирештен улам дагы бир ири соода өнөктөшү, Орусия менен мамилеси солгундап жатат. Орусия менен Түркия Ливия, Сирия жана Тоолуу Карабахта каршылаш тараптарды колдоп келет.

Жакында эле Орусиянын аба соккуларынан Сириянын Идлиб провинциясындагы Түркия колдогон топтордун элүүдөй жоочусу мүрт кеткени кабарланган. Айрым аналитиктер аба соккуну Москванын түрк президенти Эрдоганга эскертүүсү катары чечмелеп жатышат.