"Жүргүнчүлөрдү чечинтип текшерген": Катардагы жаңжал, Австралия түшүндүрмө талап кылды

аэропорт Дохи

Октябрдын башында Qatar Airways компаниясы менен Дохадан Сиднейге учуп жаткан учактан аялдардын түшүрүп алып, жылаңачтап чечинтип, медициналык текшерүүдөн өткөрүшкөн.

Алардын арасында 13 аял Австралия жараны. Аэропорттун администрациясы жаңы эле төрөлүп, дааратканга ташталган ымыркайдын энесин ушундай жол менен табууга аракет кылганын айтты. Австралиянын бийлиги Дохадагы "Хамад" аэропортунун администрациясынын аракетин "кордогондук" катары айыптап жатат.

Аэропорттун дааратканасынан табылган ымыркай тирүү жана азырга чейин ким төрөп таштап кеткени аныкталган жок. Өкмөт кимде маалымат болсо, өз ыктыяры менен келип, кызматташсын деп дагы жарыя жасады.

Аэропорттогу текшерүү тууралуу жүргүнчү аялдар айрым ЖМКларга билдиргенден кийин бул окуя ачыкка чыкты. Кыз-келиндерди текшерген учурда эч кандай эскертүү дагы беришкен эмес. Айрым жүргүнчүлөр учакка кайра кайтып келген кыз-келиндердин бири ыйлап, калгандары үрөйлөрү учуп, коркуп калышканын айтып берген.

Катардын өкмөтү бул боюнча түшүндүрмө бере элек. Башка каттамдагылар дагы ушундай текшерүүгө алындыбы же жокпу, ал жагы да белгисиз.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Австралиянын Тышкы иштер министри Мэрис Пэйн

Аэропорттун администрациясы тараткан билдирүүдө: "Дарыгерлер ымыркайдын абалына кабатырланып, жаңы эле көз жарган энесин табуу үчүн учактар учканча аракет кылууну суранышканын" айтты.

Австралиянын Тышкы иштер министри Мэрис Пэйн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мындай мамилени кордоо катары баалады. Катар өкмөтүнөн түшүндүрмө талап кылууда. (AbA)