Карабак жаңжалы: согуш запкысын тарткан качкындар

  • Ольга Ившина
  • Барда, Азербайжан

"Хай! Ай спик инглиш!". Азербайжандын Барда шаарындагы мектептин алдындагы тепкичте жылмайып турган он жаштагы Эльчин бул жерге окуу үчүн келген эмес. Алар азыр ушул мектептин имаратында башкалкалап жатат.

Тоолуу Карабактагы курчуп кеткен кырдаал качкындардын жаңы толкунун пайда кылды. Майдан тилкесине жакын аймактардан миңдеген кишилер качып чыкты. Жаңжал башталгандан кийин артиллериялык аткылоого кабылган Тертер шаарынан качып келгендер көп болду. Качкындар үчүн ушул мектепти ылайыкташкан.

Эльчин мектептин ичине кирип кетти. Ал азыр имаратты беш колундай билип калды. Кире бериште эле аскер кийимчен курал кармаган жоокердин чоң портрети турат. Анын айлнасында гүлдөр үйүлүп жатат. Бул Карабах согушунда каза тапкан жоокер ушул мектептин бүтүрүүчүсү экен. Азыр бул мектептин канча бүтүрүүчүсү согушуп жүргөнүн, алардын тагдыры кандай болгонун эч ким билбейт.

"Кудай буюрса, шейиттер арасында биздин балдар болбойт. Алардын баары аман-эсен, жеңиш менен кайтып келишет",-дейт мектеп мугалимдеринин бири.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мектепте сабактар токтотулган. Эми бул жерде кир жуугучтар, муздаткыч жана төшөнчүлөр пайда болду

Карабак жаңжалы курчуп кеткенден кийин Армения тарап 90 миңдей киши үй-жайын таштап чыгып кеткенин билдирген. Азербайжан азырынча эч кандай сандарды атай элек. Бирок 100 миңдей азербайжандык өз үй, өлөң төшөгүн таштап чыгып кеткени айтылып жатат.

Биз алардын айрымдары менен Барда шаарында жолуктук. Алар жакынкы күндөрү кайра кичи мекенине кайтып барабыз деген илгери үмүттө турушат. Бирок андай мүмкүнбү?

Балдар согуштун сүрөтүн тартып...

Эльчин эки агасы, ата-апасы жана чоң-ата, чоң энеси менен мектептин экинчи кабатына жайгашты. Алар жашаган бөлмөнүн сыртында "2Б класс" деп жазылган тактайча илинип турат.

Коронавирус пандемиясынан улам балдар үйдөн окуп жатышкан эле. Эми ээн калган мектепти октон, согуштан качкан бүлөөлөр ээледи. Алар үчүн мектепке бир нече кир жуугуч жанап муздаткычтарды коюп беришти.

"2Б класс" бөлмөсүндө оюнчуктар, альбом жана фломастерлер чачылып жатат. Альбомдордун биринде жалаң эле согушка байланышкан сүрөттөр тартылыптыр. Танктар, учактар, экинчи бетинде ок атуучу куралдардын 16 түрү тартылган.

"Жашыл танктар биздикилер,-деп түшүндүрдү Эльчин. - Ал эми эки кара тик учак душмандыкы. Азыр биздикилер аларды атып түшүрөт".

Анын тарткан сүрөттөрүн чоң атасы Устагамид Исфандияров астейдил карап, кубаттап койду. Мына ушул маалда чыныгы тик учактардын доошу угулду. Эльчин сүрөтүн таштай салып, терезеге кадалып, асманды тиктей баштады. Алыстан артиллериялык аткылоонун үнү угулду. Бирок Бардадагылар азыр ага маани деле бербей калышкандай.

Майдан тилкесиндеги Тертерден Бардага чейин болгону 20 гана чакырым. Ошондуктан ок атышуунун үндөрү угулуп турат.

Эльчиндин чоң атасы Карабактагы өткөн кылымдын соңундагы согушка аралашып, жаракат алган. Бул жолку согуш көпкө создугуп кетеби деп чочулайт Устагамид Исфандияров.

"Урап калган үйдү кайра курса болот, чачылган мал-жандыкты кайра тапса болот, жулунган даракты кайра эксе болот. Бирок кишинин өмүрүн артка кайтара албайсың. Тирүүлөр тарткан азап-тозокту эстутумдан өчүрүү мүмкүн эмес,-дейт Исфандияров. - Бул согуштун каары менен заары беш, он, жыйырма жылга чейин кала берет".

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Устагамид Исфандияров

"Биз согуш болорун күткөн эмеспиз. Бейкапар гана жашап жатканбыз. Анан эле катуу атышуулар башталып кетти. Башында үйдөн чыкпай олтурдук. Кийин бомба чабуулу өтө күчтүү экенин түшүндүк дагы, оокаттын баарын таштап качып чыктык. Түшүм жыйылбай калды, мал-жандыктар каралбай кала берди".

Эльчин үй-бүлөсү менен бул мектепте канча убакыт турары белгисиз. Биринчи Карабах согушу учурунда качып чыккандар 30 жылдан бери үйүнө кайтып бара алган эмес.

"Досторумдун мүрзөсүн көрсөм..."

Биринчи Карабах согушунда 600 миңдей азербайжан үй-жайын таштап, кичи мекендеринен качып чыккан. Алар 30 жылдан бери өздөрүнүн үйүнө, туулган жерине барышты эңсеп келишет.

"Менимче кайра кайтып барууга укугум жок. Анткени мен өзүмдүн Агдамымда набыт болгон баатырларды, шейиттерди калтырып келе бердим. Өз үйүмө кайтып барып, досторумдун мүрзөсүнө куран окугум келет. Балким алар мени кечиришет",-дейт Натик Аллахъяров.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Биринчи Карабак согушунда Натик бутунан жаракат алган

Ал таяк таянып, Мингечаурдагы качкындарга берилген жатакананын алдында турду. 1993-жылдагы Карабак согушунда Натиктин бутуна ок тийген.

"Биз курчоодо калып, ар кайда кача баштадык. Колубузга төрөлгөнүнө эки-үч ай болгон ымыркайларды көтөрүп алганбыз. Алар жолдо ачкачылыктан жана денеси кургап чарчап калышты",-деп эскерди Натик. Ал кезде Агдам шаарына согуш оту жеткен учурда Натик 17 жашта эле.

1990-жылдардын башында Агдам шаары 30 миң тургуну бар, шарактап кайнап турган жер эле. Азыр анын орду урандыга айланган. 1993-жылдары бул аймакта айыгышкан кармаштар жүргөн.

Азербайжан бийлигинин ырастоосунда, ошол мезгилдеги кармаштардан набыт болгондор жана Агдам районунан качып чыккандар арасындагы жоготуулар 6500дөй болгон.

Качкындар узак жылдан бери жашап жаткан жатаканадагы шарттар жакыш эмес. Тар коридорго үлпүлдөгөн лампа жарык берип турат. Шыпта жөргөмүш желеси көзгө урунат. Коридордун этегинде жалпы душ жана даараткана жайгашкан.

Ушундай шарт болсо деле шүгүр дешет. Анткени алгачкы жылдары качкындар чатырда, вагондо башкалкалаган күндөрүн унута элек.

"Колго илинген нерселерди алдык дагы качып чыкканбыз. Жыйналууга бир саат дагы убакыт болгон эмес. Бардык тапкан-ташыганбыз үйүбүздө кала берди",-дейт Жамиля Хасанова. Анын кичи мекени дагы Агдам району.

Согуш маалындагы ок атышууларда анын кайненеси тирүүлөй күйүп кеткен. Жамилия төрт баласы менен майдан тилкесинен качып чыккан. Ошондон бери ушул жатаканада күн кечирет.

Жамилия дагы 30 жылдан бери өзүнүн туулган жерине барууну эңсеп жүргөндөрдүн бири. (AbA)