Кытай Кашкар шаарында Covid-19 вирусун аныктоочу тестти жапырт өткөрөт

A medical worker takes a swab sample from a woman
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытай аз сандагы тургундар коронавирусту жуктурганына карабай жапырт тестирлөө өткөрүп келет

Кытай Шинжаң аймагындагы Кашкар шаарында коронавирусту аныктоочу тестти жапырт өткөрөт. Кашкарда 138 кишиден вирус аныкталды. Эми 4,7 миллион калкы бар шаарда жапырт тестирлөө болот.

Кытай бийлиги коронавируска кабылгандардын саны аз болсо дагы вирусту аныктоочу тестти жапырт өткөрүү стратегиясын карманып келет. Октябрдын башында Кытай беш күндүн ичинде калкынын саны тогуз миллион болгон Циндао шаарында коронавирусту аныктоочу тесттерди өткөргөн. Май айында Ухань шаарында 11 миллион киши тесттен өткөн.

Мындай сандагы кишилерди тез текшерүү үчүн Кытай бийлиги топ кылып анализди текшерет. Башкача айтканда бир жерде жашаган беш же он кишинин анализин текшерип, эгерде алардын арасынан коронавируска кабылган бирөө аныкталса, анда ошол аймакта жашаган ар бир тургун текшерүүгө алынат.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Учурда Кашкарда мектептер жабылды, тургундар вирус жок экенин тастыктай албаса шаардан чыгууга тыюу салынды

Шинжаң аймагында басымдуу бөлүгү уйгурлар жашайт. Андан тышкары казак, кыргыз жана башка азчылыктар дагы бар. Соңку жылдары Бээжин уйгур, кыргыз, казак жана башка азчылыктарга карата катаал саясат жүргүзүп келди. Кашкарда эле бир нече "тарбиялоо лагерлери" бар экени маалымдалууда.

Кытайдын "тарбиялоо лагерлеринде" миллионго жакын уйгур, казак, кыргыз жана башка этникалык азчылыктары кармалып турганы боюнча маалыматтар бар. Сотсуз жана тергөөсү жок эле мусулмандарды эркинен ажыратып жатат деген дооматтарды Бээжин четке кагып келет. Кытай бул кишилер терроризм жана экстремизмге каршы туруу үчүн өз ыктыяры менен "кайра тарбиялоо мектептеринен" өтүп жатканын айтууда.

Учурда Кашкарда мектептер жабылды, тургундар вирус жок экенин тастыктай албаса шаардан чыгууга тыюу салынды.

Алгач шаарда эч симптомдорду көрсөтпөгөн тургундан вирус аныкталган. Ал кийим тиккен заводдо иштейт экен. Кашкардагы жапырт тестирлөө ишемби күнү башталды. Андан бери 137 кишиден вирус аныкталды.

Кытай симптомдорду көрсөтпөгөн бейтаптарды расмий статистикага кошпойт. Ага ылайык, өлкөдө 85,810 киши вирусту жуктурган, 4,634 каза тапты.

Жекшемби күнү Кашкарда 2,8 миллион киши тест тапшырганы кабарланган. Шаар бийлиги жапырт тестирлөө иштери шейшемби күнү жыйынтыкталат деп айтууда.