Беларус: Оппозиция жапырт иш таштоого чакырды

People attend an opposition rally to reject the Belarusian presidential election results in Minsk, Belarus, 25 October 2020
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Нааразылык акциягы он миңдегендер катышты

Беларустун оппозициячыл лидери Светлана Тихановская дүйшөмбү күндөн тарта жапырт иш таштоого чакырды. Буга полициянын демонстранттарга каршы кулак тундурган граната колдонгону жана оппозициянын талаптары аткарылбаганы себеп болду.

Тихановская айдын башында эле Лукашенконун кызматтан кетишин, саясий туткундарды бошотуу жана полиция тарабынан зомбулукту токтотууну талап кылган. Эгерде бул талаптар аткарылбаса жапырт иш таштоо башталат деп эскерткен.

Беларусту 26 жылдан бери башкарып келген Лукашенко август айында президенттик шайлоодо жеңишке жеткенден бери өлкөдө нааразылык акциялар уланып келет. Оппозиция шайлоо бурмаланганын айтууда.

Адам укуктарын коргогон "Весна" уюму жекшемби күнү болгон демонстрацияда эки жүздөн ашуун киши камакка алынганын маалымдады.

"Бүгүн бийлик беларустуктарга кайрадан колунан бир гана зомбулук келерин көрсөттү",-деди Тихановская. Беларустун оппозициясы эки айга созулган "саясий кризис, зомбулук жана мыйзамсыздыктан" кийин жапырт иш таштоого чакырды.

Жекшемби күнү он миңдегендер 11 апта катары менен баш калаа Минск жана башка шаарларда нааразылык акция өткөрүштү. Колуна кызыл жана ак байрак кармаган тургундар "иш таштоо" деп кыйкырып жатты.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Полиция көчөлөрдү бууп, демонстранттарды өткөрбө турду

Жергиликтүү медиа булактары Минскиде эле болжолу менен 100 миң киши акцияга катышканын маалымдады. Демонстранттар президенттин резиденциясы көздөй баратканда полиция аларды күч менен таркаткан.

Беларустун ички иштер министри демонстранттарды таратуу үчүн атайын каражаттар тартылганын Тасс маалымат агенттигине билдирген. Айрым маалыматтарга ылайык, кулак тундурган граната жана желим ок колдонулган.

Андан тышкары полиция айрым көчөлөрдү толугу менен бууп салды. Коомдук сайттарга тараган видеолордо автобустарга толгон позиция кызматкерлери Минск шаарынын борборуна баратканын көрүүгө мүмкүн эле.

9-августта өткөн президенттик шайлоодон бери Беларуста каршылык жүрүштөрү токтобой жатат. БШК шайлоодо Лукашенко добуштардын 80 пайызын алып, жеңишке жетишкенин жарыялаган. Бирок көптөр шайлоо бурмаланганын айтып, президенттик шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылууда.