УКМК кармаган Камчы Көлбаев ким?

Коомдук сайтарда К.Көлбаевдин кармалганы тууралуу сүрөттөр жарыяланды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Коомдук сайтарда К.Көлбаевдин кармалганы тууралуу сүрөттөр жарыяланды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирүү таратып, уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчыбек Асанбек (Камчыбек Көлбаев) кармалганын кабарлады.

"Бул материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгүнүн ("Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу") негизинде каттоого алынды жана сотко чейинки териштирүү башталды",-деп айтылды расмий маалыматта.

Атайын кызмат ырастагандай, 22-октябрда К.Асанбектин кайсыл жерде жүргөнү аныкталып, УКМКнын тергөө бөлүмүнө алып келинген. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат, деди коопсуздук кызматы.

46 жаштагы Камчыбек Көлбаев Кыргызстанда “"мыйзамдагы ууру"” атыгып, уюшкан кылмыштуу топтун ана башы катары таанылган. Киши өлтүрүү, курал-жарак сатуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү кылмыштарына катышкан деп айыпталып, 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган. Анын жети жылын өтөгөн соң, мунапыстын негизинде мөөнөтү кыскартылып, 2008-жылы эрте бошоп чыккан.

Андан кийин укук коргоо органдары адам уурдоо, кылмыштуу уюм түзүү, куралды мыйзамсыз алып жүрүү, баңгизат соодалоо, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү сыяктуу күнөө коюп, Интерполго чейин эл аралык издөө жарыялаган. 2011-жылы июль айында Камчыбек Көлбаев Араб эмираттарынан кармалганы жөнүндө кабарлар тараган. Бир жылдан кийин ИИМ Көлбаевди Кыргызстанга алып келген.

Ага "кылмыштуу топ түзгөн, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган, курал жана баңгизат сактаган деген айыптар тагылып, үч жылга соттолгон. Абактан 2014-жылы бошоп чыккан.

2012-жылы АКШ Камчы Көлбаевди эл аралык ири баңгибарондордун кара тизмесине киргизген. Ошону менен катар АКШнын Каржы министрлиги "Боордоштор жамааты" деп аталган эл аралык кылмыштуу топко кирген деп шектелген бир катар кишилердин арасында Камчы Көлбаев дагы бар деп маалымат таратып, алардын банктагы эсептерин тоңдуруп жатканын кабарлаганы бар.

2014-жылы АКШ кыргызстандык Камчыбек Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого бөгөт коючу маалымат үчүн 1 миллион долларлык акчалай сыйлык жарыялаган. Мындай аракет Мамлекеттик департаменттин Транс-улуттук уюшма кылмыштар боюнча программасынын алкагында жасалууда деп айтылган эле.

2017-жылы АКШ бир катар Орусия жарандарына каршы санкция киргизген. Америкалык Каржы министрлигинин маалыматына караганда, санкцияга он киши кабылган. Булар Евразиялык транс улуттук кылмыштуу топторго таандык, "Мыйзамдагы уурулар" экени айтылган. "Кара тизмеге" киргендер арасында : Тайванчик деген ысым менен белгилүү Алимжан Тохтахунов, Захарий Калашов (Шакро Молодой) Василий Кристофоровдордун катарында Камчыбек Көлбаевдин ысымы аталган. Бул мекеме "Мыйзамдагы ууруларды" "мурдагы Советтер союзунун, Европа жана АКШнын аймагында кеңири жайылган уюшкан кылмыштуу топ" катары мүнөздөп, акчаны адалдоо, опузалоо, карактоо жана паракорчулук менен алектенет деп белгилеген эле.