Covid-19 вирусунун узакка созулган түрүнө кимдер кабылат?

  • Жэймс Галлагер
  • Саламаттык жана илим боюнча кабарчы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Вики Боурн март айында вируска жуктурган, анын симптомдору азыркыга чейин кете элек

Окумуштуулар карыялар, астмасы, ашыкча салмагы бар кишилер жана аялдар арасында Covid-19 вирусунун узакка созулган түрүн жуктуруу ыктымалдуулугу жогору экенин айтууда.

Лондондогу Королдук колледж жүргүзгөн изилдөө жыйырма кишинин бирөө кеминде 8 апта ооруганын аныктады. Окумуштуулар вирустун узакка созулган түрүнө кабылуу коркунучу бар кишилерди эрте аныктап, аларга кошумча жардам берүүгө умтулууда.

Коркунучту кантип эрте аныктаса болот?

"Вирус жуктургандан кийин биринчи аптада эле дароо бештен көп симптомду көрсөткөн бейтаптар коркунучта",-дейт Лондондогу Королдук колледждин окумуштуусу Клэйр Стивс.

Covid-19 вирусун жуктургандар бир гана жөтөлүп, андан кийин сакайып кетпейт. Вирус бир нече органга терс таасир этет. Ошондо жөтөлүп, алсыз болуп, башы ооруп, ичи өтүп жана жыт менен даам сезбей калса, бейтаптын жөн эле жөтөлгөн кишиге караганда узакка созулган коронавируска кабылуу коркунучу жогору.

Элүү жаштан жогорулар жана аялдар арасында дагы вирустун узакка созулган түрүнө кабылуу ыктымалдуулугу жогору экенин табылды.

"Топтолгон маалымат эркектер арасында вирустун оор түрүнө кабылып, андан каза тапкандар көп экени аныкталды. Ал эми аялдар болсо вирустун узакка созулган түрүнө көп кабылып жатышат",-деди окумуштуу Стивс.

Узакка созулган Covid-19 деген эмне?

Узакка созулган Covid-19 вирусунун так симптомдору ар түрдүү, бирок алсыздык кеңири тараган симптом.

48 жаштагы Вики Боурн март айында жөтөлүп, дене табы көтөрүлгөн. Алгач муну сасык тумоо деп ойлогону менен, кийин дем алуусу оорлошкондо коронавирус экенин түшүнгөн. Ооруканага жаткан эмес экен.

Март айынан бери жети ай өтсө деле коронавирустун симптомдору кете элек. Ал вирустан сакайдым деген менен, бир аз сейилдеп келсе эле алсыз болуп, жатып калат. Андан тышкары, анын көзү начар көрүп, бир учурда басып жана сүйлөй албай калды.

"Муундарым дагы деле ооруйт. Эки апта мурун кайрадан жыт менен даамды сезбей калдым. Туруп эле жоголуп кетти. Организм бул илдеттен эч арыла албай койду. Бир туруп эле кайтып келет",-деп айтты ал.

Вики жалгыз эмес. Соңку изилдөөгө ылайык, вируска кабылган:

  • 7 бейтаптан бирөө кеминде 4 апта ооруйт
  • 20 бейтаптын бирөө кеминде 8 апта ооруйт
  • 45 бейтаптын бирөө кеминде 12 апта ооруйт
Видеонун түшүндүрмөсү,

Коронавирустун экинчи толкуну: келечекте кандай болот?

Лондондогу Королдук колледж узакка созулган вирустун түрүнө кабылуу ыктымалдуулугу жогору бейтаптарды аныктоо үчүн атайын компьютердик программа чыгарды. Ал азырынча 69 пайыз туура аныктап жатат. Демек, анын үстүнөн дагы иштөө керек.

"Бул өтө маанилүү кадам. Вирустун узакка созулган түрүнө кабылган бейтаптарды эрте аныктап, кошумча жардам берүү маанилүү",-дейт окумуштуу Стивенс.

Учурда Британиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги вирустан көз жумгандарга гана көңүл бурбай, вирустун узакка созулган түрүнө кабылгандарга дагы маани берүү зарыл экенин айтууда.

"Коронавирус симптомдору боюнча изилдөө коомго маанилүү маалымат жана эскертүү берди. Өзгөчө жаштар Covid-19 вирусунун кесепети узакка созуларын жана оор экенин аңдашы керек",-деди Британиянын Саламаттыкты сактоо министри Матт Ханкок.

Британиянын өкмөтү коронавирустун симптомдорун кеңири түшүндүрүү үчүн атайын документалдык тасма чыгарды. Саламаттыкты сактоо министрлиги болсо вирустун узакка созулган түрүнө кабылгандарга көмөк көрсөтүү үчүн кошумча 10 миллион фунт бөлүнөрүн жар салды. (AT)