2025-жылга чейин жумуш орундардын жарымы автоматташтырылат

Robots in a factory

Дүйнөлүк экономикалык форумдун баяндамасына ылайык, 2025-жылга чейин заводдогу иштердин жарымы автоматташтырылат. Бул жакырчылыкка түрткү болушу ыктымал.

Аналитикалык борбор "робот ыңкылабы" жаңы иш орундарды түзгөнү менен, 97 миллиондон ашуун кишини жумушсуз калтырарын айтууда. Уюм дүйнөдөгү үч жүз ири компанияларда изилдөө жүргүзгөн. Бул ишканалар сегиз миллионго чукул жумуш орун түзөт.

Чоң компаниялардын жарымынан көбү автоматташтырууну тездетүүнү көздөп жатканын билдирген. Ал эми 43 пайызы технология тез өнүгүү жолуна түшкөндүктөн иш орундарды кыскартуунун алдында турганын айткан.

Дүйнөлүк экономикалык форум коронавирус пандемиясы бизнестин технологияны өздөштүрүүгө түрткү болгонун белгиледи. Муну менен бирге экономикалык каатчылыктан улам көптөгөн компаниялар ашыкча чыгымдарды кыскартып жатат. Учурдагы абал иш жүрүмүн автоматташтырууга жагымдуу шарт түздү.

"Бул көрүнүш эмгек базарындагы теңсиздикти тереңдетти жана 2007-2008-жылдагы глобалдык каржылык кризистен кийин түзүлгөн иш орундарына коркунуч жаратты",-деп айтты Дүйнөлүк экономикалык форумдун башчысы Садиа Захиди.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Робот ыңкылабы" жаңы иш орундарды түзгөнү менен, 97 миллиондон ашуун кишини жумушсуз калтыра

Уюм дүйнөдө кол менен жасалган иштердин үчтөн бири эмитен эле автоматташтырылганын айтат. Бирок 2025-жылга чейин тең салмактуулук жоголуп, иштин көбүн роботтор жасап калмакчы. Кеңеш берүү, чечим кабыл алуу, анализ жүргүзүү, коммуникация же байланыш түзүү сыяктуу адам гана жасай алган иштерге талап өсөт. Ошондой эле жашыл технология, инженер, маалымат базасын түзүү жаатындагы адам ресурстарына талап жогорулайт.

Бирок эң аялуу деп саналган катмар, заводдордо кол менен жасалчу иштерди аткаргандар коркунучка кептелет. Дүйнөлүк экономикалык форум миллиондогондор билимин жогорулатууга туура келет деп айтууда жана бул багыт боюнча дүйнөдөгү өкмөттөрдү эмитен эле ишти баштоого үндөдү.

Дүйнөлүк экономикалык форум - таасирдүү, өкмөттүк эмес уюм. Жыл сайын Швейцариянын Давос аймагында уюштурган жолугушуулары менен дагы белгилүү. Давоско алдыңкы лидерлер, саясатчылар, бизнес жана илимий чөйрөнүн атактуу өкүлдөрүн чогултат.