“Дарыгерге атымды айтканым үчүн күйөөм сабап салды”

Afghan women wait to cast their ballot at a polling station in Mazar-i-sharif April 5, 2014.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Оогандык аялдар көчөдө бурка кийип жүрүшөт

Ооганстандын батышында жашаган аялдын (Рабия деп атап коелу) дене табы көтөрүлүп, дарыгерге барган. Медицина кызматкери Рабия Covid-19 вирусуна кабылганын аныктап, ага дары жазып берген.

Рабия үйүнө кайтып барып, күйөөсүнө дары алып келип бер деп суранып, дарыгер жазып берген кагазды карматкан. Бирок күйөөсү кагазда жубайынын ысымы жазылганын көрүп, "чоочун эркекке атыңды айтасың" деп, аны катуу сабаган.

Рабиянын окуясы Ооганстанда кадыресе эле көрүнүш. Бул өлкөдө аялдар ысымын үй-бүлөдөн тышкары эч кимге, дарыгерге дагы айтпашы керек. Эркектер коомдук жайларда аялдарга "апа, карындаш, кызым" деп гана кайрылат.

Ал эми жаңы төрөлгөн ымыркайдын күбөлүгүнө атасынын гана ысымы жазылат. Ошондон кийин документтерде кыздын атасынын же күйөөсүнүн ысымы жазылат. Анын өз ысымы оо дүйнөгө кеткенин тастыктаган күбөлүктө дагы жазылбайт.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Ысымым кана?" аттуу өнөктүк үч жыл мурун башталган

Бирок айрым ооган аялдар бул көрүнүштү өзгөртүү үчүн күрөшүүдө. Лале Османи аялдардын укугу тебеленип жатканына чыдабай "Ысымым кана?!" деген өнөктүктү үч жыл мурун баштады.

"Ооган өкмөтүн жаңы төрөлгөн ымыркайдын күбөлүгүнө энесинин дагы ысымын жазуу керек экенине көндүрдүк. Жакында ал ишке ашат",-дейт Османи.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани дагы бул өнөктүктү колдоп, өлкөнүн каттоо мекемесин документтерге аялдардын атын жазуу керек экенин айтып, мыйзамды дагы өзгөртүүгө буйрук берди.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Аялдардын укугун коргогон активист Лале Османи

Бирок өлкөдө мындай кадамга каршы чыккандар дагы арбын. Парламенттеги консервативдүү көз караштагы айрым депутаттар эмитен эле бул кадамды сындашууда.

Коомдук сайттарда дагы бул өнөктүккө каршы чыккандар көп. Айрымдар "үй-бүлөлүк баалулуктарды жок кыласыңар", "бул эреже үй-бүлөлүк бакытты камсыз кылат" деп жазышууда. Жада калса айрым ооган аялдар дагы ысымын документке жазууга каршы болушууда.

"Бирөө ысымымды сураса, мен агамдын, атамдын же күйөөмдүн намысын ойлошум керек. Мага атасынын кызы, агасынын карындашы же күйөөсүнүн жубайы, андан кийин уулунун энеси деп кайрылышсын",-деп айтты Би-Би-Си берген маегинде Герат провинциясында жашаган аялдын бири.

"Күн менен ай көрбөгөн аял"

Ооганстанда "эң мыкты аял - күн менен ай көрбөгөн аял" деген сөз бар. Патриархалдык коомдо аял болуу абдан татаал. Жыйырма жыл мурун талиптер бийликтен кулатылгандан бери ооган өкмөтү менен дүйнөлүк коомчулук өлкөдөгү аялдардын ролун даңазалап, коомдук турмушка аралаштырууга умтулуп келет. Бирок Рабиа сыяктуу жарандар дагы деле кордук көрүүдө.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Ысымым кана?" өнөктүктүгүн дүйнөнүн булуң-бурчундагы активисттер колдоду

Ошондуктан ооган активисттери өнөктүк улана берерин айтышууда. Алар аялдардын эң негизги укуктары эскичил көз караштагы адамдар тарабынан тебеленип жатканын жүйөө кармашып, өнөктүк жаңы гана башталып жатканын белгилешүүдө

"Менин атым Сахар, энемдин аты Насима, тай энемдин аты Шахзаму, чоң энемдин аты Фухраж. Бул кишилер менен сыймыктанам",-деди өнөктүктү колдогон активисттердин бири Сахар Самет. (AT)