Пандемия кантип аяктайт?

Коронавирус пандемиясы бүт дүйнөгө коркунуч жаратты. Көптөр вируска каршы вакцина табылганда көйгөй чечилет деген пикирде. Бирок биздин ата-бабалар туш болгон вирустардын коркунучу азыркы күнгө чейин келатат.

Ылдый түшүп ↓ тарыхтагы пандемиялар кантип аяктаганын окуп, келечекте кандай болушу мүмкүн экенин билиңиз.

Бул Жасмин.

Биздей эле, анын ата-бабалары дагы бир нече пандемияны баштан өткөргөн.

Тарыхка кылчайып, негизги илдеттер тууралуу маалымат алалы.

Кара тумоо – көп кишинин өмүрүн алган вирус

Вирус үч жолу кеңири жайылган, алгачкы жолу б.з.ч 541-жылы катталган

Алтымыш муун мурда Жасминдин ата-бабасы кара тумоого бир нече жолу туш болгон.

Бул илдет келемишке жабышкан бүргөдөн тарап, андан кийин адамдан адамга аба аркылуу жуккан.

Уersinia pestis аттуу бактерия кемирүүчү жаныбарлар арасынан кездешет

Уersinia pestis аттуу бактерия  иллюстрациясы

Кара тумоо эки миң жылдын ичинде жүз миллиондогон кишинин өмүрүн алды.

1346-1353-жылдардагы "Кара өлүм" доору эң көп кишинин өмүрүн алган пандемия болуп саналат.

Кара тумоо – көп кишинин өмүрүн алды, бирок бүгүн андан өлгөн адам аз

arrow Азыр каза тапкандар: *584
Жалпы каза тапкандар: 200 млн чейин
*2010-жылдан 2015-жылга чейинки көрсөткүч Эскертүү: Убакыт өткөн сайын дүйнө калкынын саны дагы кескин өстү. Калктын саны аз болгондо тарыхтагы вирустардын кесепети кыйла оор болгон. Булак: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, илимий изилдөөлөр

Лимфа бездерин шишиткен вирус убагында карантин жана санитардык абалды жакшыртуу аркылуу көзөмөлгө алынган.

Лондондогу Империалык колледждин жугуштуу оорулар боюнча профессору Стивен Райлейдин айтымында, вирус кантип тарап жатканын түшүнүшпөсө, бул кадамга бармак эмес. Дал ушул ыкма азыр дагы актуалдуу.

"Илимий маалыматты ачыктагандан кийин аны бөлүшүп, ага жараша чара көрүүгө мүмкүн",-дейт ал.

Буга карабастан кара тумоо азыр деле катталып келет. Мисалы, 2020-жылдын июль айында Ички Монголияда кара тумоо катталган. Демек, Жасмин азыр деле вирусту жуктурушу мүмкүн.

Бүгүнкү күнү кара тумоого кабылган киши аз жана аны эрте аныктап, антибиотик менен тез эле дарыласа болот.

Чечек – илимдин күчү менен жок кылынган вирус

Бир нече жолу жайылган, алгачкы жолу 1520-жылы жайылган деген маалымат бар

Жүздөгөн жылдан кийин Жасминдин ата-бабалары чечек вирусуна туш болду.

Бул илдет variola minor аттуу вирустан чыгып, көп кишинин өмүрүн алды.

Илдеттен териде ыйлаакча пайда болуп, вирусту жуктурган он адамдын үчөө каза тапкан.

Вирус организмге аба, чаң, көбүнчө дем алуу органдары, кээде тери аркылуу жугат.

Variola minor вирусу жаныбардан жуккан деген маалымат жок

Variola minor вирусунун иллюстрациясы

Кара тумоо сыяктуу эле чечек дагы жүз миллиондогон кишиге жуккан. ХХ кылымда эле үч жүз миллион киши чечекке кабылган.

Чечектен кеминде 350 миллион адам ажал тапты, азыр вирустан бир дагы киши каза таба элек

Азыр каза тапкандар: 0
Жалпы каза тапкандар: Кеминде 350 млн
Булак: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, илимий изилдөөлөр

1976-жылы дарыгер Эдвард Женнер чечекке каршы вакцина ойлоп тапкандан кийин илдет толугу менен жок кылынды. Бирок вирусту жок кылуу үчүн эки кылым кетти.

Профессор Райлейдин айтымында, чечек адам баласы жок кыла алган жападан жалгыз оору. Окумуштуу бул жетишкендикти адамдын Айга жеткени менен салыштырат.

"Коомдун саламаттыгына болгон эң ири салым катары бааласак болот",-дейт ал.

Ушундай жетишкендик болгон үчүн Жасмин жана жалпы дүйнөлүк коомчулук чечек вирусунан азыр кооптонбойт.

Холера – жакыр өлкөлөрдө кеңири тараган эпидемия

Азыркыга чейин жайылып келген илдет, 1817-жылы кеңири тараган

Сегиз муун мурун холера ири коркунуч жараткан.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, бул илдет булганыч суу же азык-түлүк аркылуу жугат жана жети жолу пандемияда миллиондон ашуун кишинин башын жеди.

Илдет булганыч суу же тамактагы vibrio cholerae атуу бактерия аркылуу жугат

Vibrio cholerae бактериясынын иллюстрациясы

Батыш мамлекеттеринде санитардык абал жакшыргандыктан, холера жок кылынды. Бирок ДССУнун маалыматына ылайык, жакыр өлкөлөрдө холерадан жыл сайын 100 миңден 140 миңге чейин адам өлөт.

Холерадан миллиондогон адам өлдү жана азыр дагы миңдегендер ажал табууда

arrow Азыр каза тапкандар: *95 000
Жалпы каза тапкандар: Болжолу менен 40 млн
*Жыл сайын эсептелет Булак: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо, Ali M, Nelson AR, Lopez AL, Sack DA (2015) Холеранын глобалдык таасири

"Холераны суу түтүктөрүн оңдоп жок кылса болот. Суу түтүктөр жок болсо, илдет тез жайылат",-дейт профессор Райлей.

Дал ушул себептен Жасмин өнүгүп келе жаткан өлкөдө жашаган болсо, коркунучка кабылышы ыктымал. Илдеттин алдын алууга вакцина бар жана ал эрте аныкталса, оңой эле дарылап койсо болот.

Сасык тумоо (грипп) – сезондук оору.

Бир нече жолу пандемия катталган, 1800-жылдардан 2010-жылдарга чейин

Жасминдин үй-бүлөсү менен бир нече жолу сасык тумоо пандемиясын башынан өткөрдү. Эң коркунучтуу пандемия 20-кылымдын башында катталды.

1918-жылы сасык тумоо пандемиясын "Испан тумоосу" деп аташып, андан 50-100 миң киши өлгөн.

Азыркы коронавирус пандемиясындай эле вирустун жайылышы изоляция жана карантин менен токтотулган.

H1N1 аттуу вирус "Испан тумоосуна" алып барган

H1N1 вирусунун иллюстрациясы

1918-1920-жылдары H1N1 вирусунун күчтүү толкунунан кийин анын күчү кетип, андан кийин вирус жыл сайын мезгилге жараша кайтып келип турат.

"Испан тумоосунан" миллиондогон адам өлдү. Сасык тумоодон дагы деле ажал тапкандар бар

arrow Азыр каза тапкандар: *Сасык тумоодон 650 миңге чейин
Жалпы каза тапкандар: "Испан тумоосунан" каза тапкандар саны 50 миллиондон ашуун
*Жыл сайын эсептелет Мезгилге жараша пайда болгон сасык тумоо пандемия маалында тараган тумоодон айырмаланып турат Булак: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Жугуштуу илдеттерди көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору

"Испан тумоосунан" кийин сасык тумоолор пандемияга айланган башка учурлар да болду.

1968-жылдагы Гонконг тумоосу бир миллион кишинин өмүрүн алды жана азыр дагы бар. H1N1 вирусунун бир түрү саналган чочко тумоосу 2009-жылы дүйнө калкынын 21 пайызына жайылды.

Профессор Райлейдин айтымында, сасык тумоо дагы деле "пандемия деңгээлиндегидей" коркунуч түзөт. Ошондуктан Жасмин жана биз баарыбыз бул вирус түзгөн пандемияга туш болушубуз ыктымал.

Андан тышкары биз мезгилге жараша пайда болгон сасык тумоо менен оорушубуз мүмкүн. Андан жыл сайын миңдеген адам өлөт.

HIV/Aids - уланып жаткан эпидемия

1981-жылдан азыркыга чейин

Кырк жыл мурун Жасминдин ата-энеси HIV/Aids вирусунун жайылышына күбө болгон. Вирусту айрымдар пандемия деп атаса, ДССУ аны "глобалдык эпидемия" катары көрөт.

Иммунитет жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ) адамдын организмдеги суюктуктар аркылуу тарайт. Вирустан 32 миллион адам өлдү.

ВИЧ илдети адамдын иммунитетин бузат.

ВИЧ илдетинин иллюстрациясы

Профессор Райлейдин айтымында, ВИЧ "эң коркунучтуу" вирус, себеби анын симптомдору узак мөөнөттөн кийин гана билинет жана андан каза тапкандардын көрсөткүчү жогору. Адам вируска кабылганын билбей жүрө бергендиктен, ал тез жайылышы ыктымал.

Вирусту аныктоо техникалары өнүгүп жана глобалдык өнөктүктөр жүрүп, жарандардын жыныстык катнашка мамилеси өзгөрдү. Ал эми вируска каршы дары жеткиликтүү болуп калганда инфекциянын жайылышы басаңдады.

Ага карабастан ДССУнун маалыматына ылайык, 2019-жылы СПИДден 690 миң киши каза тапты.

ВИЧ/СПИДден миллиондогон адам өлдү жана азыр деле ажал тапкандар миңдеп саналат.

arrow Азыр каза тапкандар: *690 000
Жалпы каза тапкандар: 32 млн
*Соңку статистика 2019-жылы алынган Булак: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму

ВИЧ илдетине каршы даба жок, бирок Жасмин саламаттыкты сактоо системасы өнүккөн өлкөдө жашаса жана антиретровирустук дарылар жеткиликтүү болсо, ал кадыресе турмушун уланта берет.

Ал эми жакыр өлкөдө жашаса жана антиретровирустук дарылар жеткиликтүү болбосо, Жасминдин өмүрү коркунучта калышы ыктымал.

SARS жана MERS - жайылуусу тез токтотулган коронавирус

2002-2003-жылдары жана 2012-жылдан азыркыга чейин

Жыйырма жана отуз жылдан кийин, Жасмин өзү SARS жана MERS вирусуна туш болду.

Дем алуу органдарынын оор синдрому (SARS) - коронавирустан улам чыккан биринчи эпидемия. ДССУнун маалыматына ылайык, 2002 жана 2003-жылы вирустан сегиз жүздөн ашуун киши каза тапты.

SARS коронавирусу (Sars-Cov деп белгилүү) 2003-жылы аныкталган.

SARS коронавирусунун (Sars-Cov) иллюстрациясы

2003-жылы июль айынын аягында вирустун жайылышы токтоп, ДССУ глобалдык эпидемия бүттү деп жарыя кылды.

Анын артынан эле дагы бир коронавирус, Жакынкы Чыгыш респиратордук синдрому (MERS) жайылып, 912 киши каза тапты. Вируска кабылгандардын көбү Жакынкы Чыгыштын жашоочулары.

Mers-CoV вирусун жуктуруу коркунучу көп аймактарда төмөн болуп саналат. Бирок Жакынкы Чыгышта коркунуч дагы деле бар. Бул вирус адамга төөдөн жуккан.

SARS 800дөн ашуун кишинин өмүрүн алган

Жалпы каза тапкандар: 813
Булак: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму

Жасмин азыр деле MERS вирусун жуктуруп алышы мүмкүн, бирок андай ыктымалдык аз.

Covid-19 - дүйнөгө тараган коронавирус

2019-жылдан азыркыга чейин

Азыркы учурда Жасмин SARS коронавирусунун өзүнчө бир түрүнө туш болду. Ал дем алуу органдарды сезгентет.

Sars-Cov-2 деп аталган вирус 2003-жылы тараган SARS вирусунан мутацияланды. Окумуштуулар аны адаттан тыш вирус деп аташууда. Себеби бул вирустун бир нече симптому бар. Алардын айрымдары коркунучтуу эмес, бирок өлүмгө алып барган симптомдор да бар. Ошондой эле вирус абдан тез жайылат. Адам вирусту жуктурганын биле электе эле ал башкаларга жайылып кеткен болот.

"Дал ушул себептен вирустун жайылышын көзөмөлдөө татаал болуп жатат",-дейт профессор Райлей.

Sars-Cov-2 вирусунун 2003-жылы тараган SARS инфекциясына байланышы бар

Sars-Cov-2 иллюстрациясы

Вирустан миллиондон ашуун киши өлдү жана статистика мындан ары дагы жогорулайт деп жатышат.

Жаңы коронавирустан миллиондон ашуун киши каза тапты

Жалпы каза тапкандар: ?
Азыр каза тапкандар: Бир миллиондон ашуун
Булак: Жонс Хопкинс университети

Вакцинаны чыгаруу жана илдет менен натыйжалуу күрөшүү ыкмаларын аныктоо аракеттери жүрүп жатканда, дүйнөнүн булуң-бурчундагы жашоочуларга коронавирус олуттуу коркунуч жаратууда. Жасмин биздей эле дале коркунучта.

Эми эмне болот?

Азыр дүйнөгө тарап жаткан коронавирус тарыхта пандемияга алып барган вирус же бактериялардын жайылышынын уландысы.

Эскертүү: Убакыт өткөн сайын дүйнө калкынын саны дагы кескин өстү. Калктын саны аз болгондо тарыхтагы вирустардын кесепети кыйла оор болгон. Булак: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору, илимий изилдөөлөр, Жонс Хопкинс университети

Вирус кантип жайылып жатканы жөнүндө изилдөөлөр, коомдук саламаттыкты чыңдоо багытындагы өнөктүктөр жана вакцина сыяктуу жаңы ыкмалар кризисти жайгарууда чоң роль ойноду.

Азыркы коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн жогоруда айтылган ыкмалар жасалууда.

Профессор Райлей болсо "коопсуз, күчтүү" вакцина вирустун жайылышын токтотушу ыктымал, бирок бул вакцина табылат деп айтууга эрте деген пикирде.

Демек, биз вирус менен жашаганды үйрөнүп, ага туруштук берүү жолдорун өздөштүрүшүбүз керек.

"Беш жылдын ичинде жана андан дагы эрте күчтүү вакцина пайда болот, ал эми ага чейин иммундук системабыз вирус менен күрөшүү жолдорун өз алдынча үйрөнөт",-дейт ал.

Чечекке каршы вакцина табылгандай эле, илимий дүйнө бириккенде көп кыйынчылыктарды жеңе аларын билебиз.

Жаңы коронавирустун симптомдору көп, ошондуктан ага вакцина табуу чечекке салыштырмалуу бир топ татаал болот. Ага карабастан профессор Райлей көйгөйдү чечүү үчүн дүйнө биригет деген оптимисттик көз карашта.

"Дүйнө буга окшош көйгөйгө туш болуп көргөн эмес. Буюрса, вирусту жеңүү жалпыбыздын жетишкендигибиз болот деген үмүттөмүн",-дейт профессор Райлей.

Бирок мурда адам көп кырылган вирустар дагы деле бар экенин эстен чыгарбоо керек. Пандемия аягына чыкканы менен вирус жана бактерия кала берет.