Аман калгандардын баяны: Ооганстандагы зомбулук менен кан төгүүнүн аптасы

  • Кавун Хамуш
  • BBC World Service
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Разианын мектебинин жанында унаага шыкалган жардыргыч зат жарылды

Хуссейн Хайдари үч саат бою аялынын инисин Латифти издеди, үч саат бою жардырууда мүрт кеткен кишилердин жансыз денесин бирден карап чыкты.

Латиф Сарвари 20 жашта эле, ал мектепти быйыл аяктап, университетке тапшырууну көздөп турган. Латиф, башка классташтарындай эле Кабул шаарына үч ай мурун көчүп келген. Алар университетке болгон экзаменге даярданмак.

Газни провинциясындагы алыскы айылдан келген Латиф жан кечтинин жардыруусунан көз жумду. Анын ата-энеси суук кабарды уга элек. Хуссейн кантип кабарды жеткирерин билбейт.

"Айылда телефон байланышы жок. Биз Латифтин сөөгүн бир нече күндө гана жеткире алабыз. Бирок жеткенде чоң үмүт менен уулун окууга жөнөткөн ата-энесин кантип карайм?",-дейт Хуссейн.

Латифтин ата-энесине окшоп жакындарынан айрылган ооганстандыктар абдан көп. Жергиликтүү тургундардын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө үмүтү үзүлө элек, бирок эки тарап ар түрдүү маселени талкуулап жатканда жер-жерлердеги салгылашуулар күчөп жатат.

Ооганстанда күн сайын кан төгүү болот. Би-Би-Си жаңжалда аман калган тургундар менен баарлашты.

24-октябрь, Кабул шаары

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Латиф дарыгер болгусу келген

"Окуучуларга эмнеге кол салуу болгону түшүнүксүз"

Кавсари Даниш окуу жайына жан кечтинин жардыруусу болгондо имаратта алты жүз окуучу бар болчу. Кеминде 25 жаш бала мүрт кетти, алтымыштан ашууну жаракат алды.

17 жаштагы Табиш кол салууда аман калгандардын бири. Ал футбол машыгуусуна шашып, имараттан эми чыгып бара жаткан. Табиштин шашканы, анын өмүрүн сактап калды.

"Мен узун корридордун аркы четине жетип, эшиктен чыгып бараткам. Бир партада отурган жакын досум Мирвас Карими жардырууда өлдү. Ал жакшы окучу, азыр деле ишене албай жүрөм",-дейт ал.

Табиштин атасы Фрайдон Мохсени жан кечтинин жардыруусу жөнүндө кабарды укканда, окуу жайга чуркап келген.

"Көчөдө тез жардам унаалары толуп калыптыр. Дароо жаман ой келди. Мектепке жүгүрүп кирип, уулумду таптым. Ал керебетте жатыптыр. Ага чейин кайтыш болду го деп аябай корктум",-дейт ал.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Табиш Али жан кечтини жардыруусунда аман калды

Табиш ооруканадан чыкты, бирок бутундагы жана башындагы тырыктар өмүр бою калат. Жаш бала эмнеге окуу жай бутага алынганын түшүнбөйт.

"Биз бир гана билим алгыбыз келет. Кудай жана пайгамбар дагы билим ал деп айткан. Ошондуктан эч түшүнбөйм",-дейт Табиш.

"Талибан" кыймылы окуу жайга болгон кол салууга тиешеси жок экенин билдирди. Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ жоопкерчиликти алды. Окуу жайда негизинен шииттер билим алган. Жергиликтүү эксперттер мындай кол салуу аркылуу экстремисттер диний жиктешүүнү тутандыргысы келгенин айтууда.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Окуу жай толугу менен талкаланды

23-октябрь, Нимруз провинциясы

"Талибан" кыймылынын чабуулунан жыйырма аскер мүрт кетти, алтоо туткунга түштү. Коомдук тармактарда жансыз жаткан аскерлердин сүрөттөрү желдей тарады.

22-октябрь, Тахар провинциясы

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Өкмөттүн мечитке болгон аба чабуулунан 12 жаш бала мүрт кетти, 18

"Өлүп калган баламдын сөөгүн жерге коюп, жаракат алган балдарга жардам бердим"

"Эки балам мечитте болчу. Бири дароо кайтыш болду, экинчи балам жаракат алды".

Балдар мечитте куран боюнча сабак алып жатышканда аба соккуга кабылган. 12 жаш бала мүрт кетип, 18 бала жардам болду. Өкмөт күчтөрү "Талибан" кыймылынын согушкерлерин бутага алганын кабарлады.

Атын атагысы келбеген тургун, аргасыздан жансыз уулунун сөөгүн жерге коюп, жаракат алган балдарга жардам бергенин айтып берди.

21-октябрь, Тахар провинциясы

"Аскерлеримди жоготтум, алардын арасында уулум дагы бар"

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Полковник Абдулла Гард жана анын уулу Фарид Ахмад Гард

"Талибан" кыймылы атайын даярдыктагы полициянын бөлүгүнө чабуул койгондон кийин, армия жооп катары аба соккуларды жасаган.

Полициянын полковниги Абдулла Гарддын 25 жаштагы уулу салгылашуу учурунда каза тапты.

"Уулум өлгөн жок, себеби биз аны унуткан жокпуз. Дайыма жүрөгүбүздө болот",-дейт ал.

Фарид атасынын жолун улаган.

"Уулум мени көрүп, өзү дагы полиция кызматкери болгусу келди. Биз бир багытта иш алып барып, достордой эле болуп калганбыз. Бирок уулумдан тышкары эр жүрөк жигиттерден айрылдык. Алардын көбүн жакшы билгем",-дейт полковник Абдулла Гард.

20-октябрь, Нимруз жана Вардак провинциялары

Нимруз провинциясында унаага шыкалган бомба жарылып кеминде беш аскер каза тапты, экөө жаракат алды. Аймактын полиция башчысы дагы мүрт кетти. Анын уулу жергиликтүү телеканалга чыгып, бойго жеткенде "Талибан" кыймылынан өч алам деп сүйлөдү.

"Мен бул сөзүмдү президент Ашраф Гани уксун деп айтып жатам. Атам өз жанын Ашраф Ганиге берди",-деп кошумчалады ал.

Ошол эле күнү Кабул шаарынын эки саат аралыкта жайгашкан Вардак провинциясында жардыруу болуп 11 жайкын тургун каза тапты.

19-октябрь, Хост жана Урузган провинциялары

Хост аймагындагы жардырууда кеминде төрт киши мүрт кетти. Мотоцикл менен жан кечтинин жардыруусу үлпөт тоюна топтолгондорго багытталган. Кол салууга эч ким жоопкерчиликти алган жок.

Урузган провинциясында болсо "Талбиан" кыймылынын кол салуусунан эки полиция кызматкери каза тапты, төртөө жаракат алды.

18-октябрь, Гор провинциясы

"Мен дүйлөмүн, бирок жардырууну уктум"

Разиа жана анын бир туугандары Марзиа менен Наиб тубаса дүлөй. Алар Гор провинциясындагы дүлөйлөрдүн мектебинде билим алышат. Окуу жайдагы жымжырттык жардыруу менен коштолду.

Унаага шыкалган бомба жарылып, 16 окуучу каза тапты, 150сү жаракат калды. Жардыруу окуу жайды толугу менен талкалады.

"Өмүрүмдө биринчи жолу бир нерсени уктум. Кулагым эч кандай үндү укпайт, бирок жардыруу ушунчалык кубаттуу болгондуктан бир кулагым укту. Жүрөгүм түшүп калды",-дейт 16 жаштагы Разиа.

Разиа 19 окуучу менен дарс бөлмөсүндө болчу. Күн кирип, караңгы болуп калган. Жардырууда электр жарыгы өчүп, эчтеке көрүнбөй калганын айтат.

"Бир учурда өлдүк го деп ойлодум. Жанымда карындашым кыймылдап жатканын сездим. Иним жылбай жатты, бирок ал дагы аман калды",-дейт ал.

Разианын жолу бар экен. Окуу жайга коңшу имаратта жардыруудан Абдул Хамид каза тапты. Анын беш кызы, үч уулу жана жубайы калды. Абдул үй-бүлөсүндө жалгыз иштеген. Эми атасынан айрылган жаш балдар эмне кыларын билбей отурушат.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Абдул Хамид чабуулда каза тапты

Анын жубайы Саид Биби бир жыл мурун кыштагындагы салгылашуулардан качып, шаарга көчүп келгенин айтат.

"Баарын таштап качып чыкканбыз. Оокатыбызды чогултууга мүмкүнчүлүк болгон жок",-дейт Саид Биби.

"Акыркы үмүт"

Бул окуялардын Ооганстандын туш-тарабында болгону менен, алардын байланыштырган дагы жагдай бар. Өлкөдө зомбулук күчөп жатат. Өткөн аптада эле 20 провинцияда салгылашууларда жөн жай тургундар мүрт кетти. Айрым аймактарда күнүнө экиден жардыруу болуп турат.

Так канча киши каза болгонун айтуу мүмкүн эмес. Талиптердин адамдык жоготууларын айтуу дагы кыйын.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ооган өкмөтү менен "Талибан" кыймылы ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү уланууда

Бириккен Улуттар Уюму 2020-жылдын алты айында эле 1282 жайкын тургун каза таап, 2176 киши жаракат алганын маалымдады.

Талиптер менен келишимге жеткен АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүүдө. Ооган өкмөтү менен "Талибан" кыймылы ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү уланууда, бирок талиптер сөзүнө турбай ок чыгарбоо келишимин урматтабай жатат.

Ооган өкмөтү тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алдында камакка алынган "Талибан" кыймылынын 6100 согушкерин бошоткон. Бирок бул кадам убактылуу ок чыгарбоо келишимин дагы камсыз кыла алган жок.

Зомбулук күчөп жаткан учурда талиптер чынында эле тынчтыкты каалайбы деген суроо жаралууда. Ошол эле маалда Ооган өкмөтү калктын коопсуздугун камсыз кыла албай келет.

"Ооганстанда бир аптага созулган зомбулуктан кийин акыркы үмүт өчүп бараткандай сезим пайда болду. Адам жана коом катары дагы канча чыдайбыз?",-деген суроону Ооганстанда адам укуктары боюнча комиссиясынын төрайымы Шахарзад Акбар жолдоду.

Хафичулла Маруф, Башир Пайман жана Зухал Ахад макаланы даярдоого жардам берди.