Коронавирус: сасык тумоонун сезону башталганда эмне болот?

  • Жэймс Галлагер
  • Ден-соолук жана илим боюнча кабарчы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дүйнөнүн айрым аймактарында сасык тумоо сезону башталганы жатат. Бул коронавирустан тизелеп калган саламаттыкты сактоо системасын толугу менен талкалап салышы ыктымал

Дүйнөнүн айрым аймактары коронавирус пандемиясы менен күрөшүп жаткан чакта, сасык тумоо сезону жакындап калды. Дарыгерлер буга тынчсызданып турат.

Күз айы жакындаган сайын, сасык тумоо менен гриппке кабылган кишилердин саны өсөт. Ошондуктан окумуштуулар мезгил алмашканда коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Ага карабастан Covid-19 коштогон күз же кыш мезгили кандай болорун жоромолдоо абдан татаал. Бул жерде бир гана коронавирус жөнүндө сөз болгон жок. Күзүндө жана кышына башка инфекциялар дагы күч алат. Ошондой эле мындай курч кырдаалда жарандардын жоопкерчилиги менен өкмөттөрдүн чечкиндүүлүгү маанилүү.

Коронавирус күзүндө же кышында кеңири жайылабы?

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кургак абада Covid-19 вирусу тез жайылганы боюнча далилдер бар

Бул суроого жооп азырынча жок. Бирок буга чейинки илимий изилдөөлөргө тайнып, "ооба" деп жооп кайтарууга жакындасак болот.

Covid-19 вирусунан тышкары коронавирустун төрт түрү сасык тумоого окшош симтомдорду пайда кылат. Алардын баары аба ырайы суук болгондо тез тараган.

"Кыш мезгилинде вирус тез жайылышы ыктымал. Бирок мунун себептери, механизми толук иликтене элек. Буга метеорологиялык шарттар себепби же адам баласынын жүрүм-туруму түрткү болобу азырынча белгисиз",-деди Лондондогу Гигиена жана тропикалык медицина мектебинин окумуштуусу Рэйчел Лоу.

Вирустардын басымдуу бөлүгү суук мезгилинде абада көбүрөк мөөнөткө жашай алат. Британиянын окумуштуулар тобу Цельсий боюнча төрт градус вирустарга эң жагымдуу температура экенин аныкташкан. Ошондой эле күз жана кыш мезгилинде вирустарды зыянсыздандырган күндүн нуру дагы азаят.

Ошондуктан дүйнөнүн айрым аймактарындагы дарыгерлер эки фронтто согуш жүргүзүп каларын эскертүүдө.

Сасык тумоодон тышкары башка вирустар дагы коркунуч жаратабы?

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кышында элдин көбү эшикке чыкпай, имараттын ичинде отурушат

Коронавирустун айынан дүйнөнүн булуң-бурчундагы кишилер адаттарын өзгөртүп, колду улам жууп туруу, беткап кийип жүрүү, социалдык аралыкты сактоо жана үйдөн чыкпай иштөө сыяктуу жаңы эрежелерге баш ийди. Бул кадам коронавирустун жайылышын токтотууга чоң салым кошту. Мындай адат сасык тумоо сыяктуу вирустардын тарашын дагы басаңдатышы ыктымал.

Айталы, Гонконг менен Австралияда сасык тумоо сезону эч кыйынчылыгы жок өтүп кетти. Себеби бул учурда элдин көбү жогоруда айтылган эрежелерди сактаган. Бирок башка мамлекеттерде дагы жагдай ушундай нукта өнүгөт деп айтууга болбойт.

Гонконг менен Австралиядагы кышкы мезгилде учак каттамдар токтотулуп, мектептер жабык турду. Азыр тескерисинче учак каттамдары жанданып, мектеп менен бала бакчалар ачылууда.

"Эгерде социалдык аралыкты сактабай, беткап кийбей, колубузду улам жууп турбасак экинчи толкун болот. Андан тышкары өкмөттөр башка даярдык чараларын дагы алдын ала көрүшү керек. Мисалы, респиратордук инфекциялардын (өпкөнү сезгенткен оорулардын) үч же төрт башка түрү бар. Симптомдору бүт окшош. Демек, аларды аныктоочу тесттер так болушу керек. Ошондо гана кайсынысы коронавирус, кайсынысы башка инфекция экенин билип, дарыгерлер туура чечим кабыл алат",-деди Ливерпуль университетинин окумуштуусу Жулиан Хискокс.

Бир учурда эки вирусту жуктурсаңыз эмне болот?

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Илим азырынча коронавирус башка вирустар менен аралашканда эмне болорун билбейт

Азырынча бул багытта илимий изилдөөлөр жүргүзүлө элек. Буга чейин бир вирус экинчи инфекциянын тарашына бөгөт койгон учурлар болгон. Бирок коронавирус кандай таасир этерин эч ким билбейт.

Респиратордук инфекциялардын баары организмдин бир бөлүгүнө - мурун, тамак жана өпкөдөгү клеткаларга чабуул коет. Бул атаандаштыкка жол ачышы ыктымал. Мисалы, 2009-жылы Европада риновирустун күч алганы, чочко тумоосунун жайылышын басаңдатканы боюнча далилдер бар. Башкача айтканда иммундук система бир вирус менен күрөшүп жатып, экинчи вирустун күч алышын токтотот.

"Вирус организмге киргенде иммундук система күрөшүн баштайт. Бул кыска мөөнөт болсо дагы башка вирустардан коргойт",-деди Глазго университетинин Вирусология борборунун изилдөөчүсү Пабло Мурсия.

Ошол эле учурда айрым вирустар башка инфекциялар менен достошуп, иммундук система кыйналган мисалдар дагы арбын. Covid-19 деп таанылган Sars-CoV-2 вирусу кандай болору азырынча белгисиз. (AT)

Видеонун түшүндүрмөсү,

Covid-19 шартында мектептер кандай иштейт?