Блок алты: Ооганстандын талиптер кармалган түрмөсү

  • Auliya Atrafi жана Claire Press
  • BBC World Service

Би-Би-Си Ооганстандагы эң ири түрмөлөрүнүн бирине кирүүгө уруксат алды. Абактын алтынчы блогунда эки миңден ашуун Талибан кыймылынын (ред. -Кыргызстанда экстремисттик уюм деп табылган) согушкерлери кармалууда. Жихадчылардын Ооганстандагы келечеги кандай болот?

Эскертүү: Макалада үрөй учурган окуялар камтылган

Баш калаа Кабулдун четинде жайгашкан Пул-и-Чархи түрмөсүн тикенек зым менен оролгон бийик дубал курчап турат. Күзөт мунаралары, калың темирден жасалган дарбаза дароо көзгө урунат. Абактагы 10 миң кылмышкердин бештен бири Талибан кыймылынын жоочулары.

Алардын бири Мавлави Фазел Бари жаш кезинен эле колуна курал алганын айтып берүүдө. Беш жыл абакта отургандан кийин, өлүмгө даяр болуп калдым деди Мавлави.

"Кыжырым келип турат. Мурда жанкечтинин кемселин эч качан кийбейм деп ойлогом, эми сөз берем, ага дагы даярмын",-дейт ал.

Азырынча Бари мыкты кайтарылган түрмөдө кармалууда. Бирок тынчтык сүйлөшүүлөрү жүрүп жатканда ооган өкмөтү көп сандагы талиптерди түрмөлөрдөн бошотту.

Талибан кыймылы Ооганстанда Ислам мамлекетин курууну көздөп келет. Талиптер 1996-жылдан 2001-жылга чейин бийликте болушту. Ал учурда шариат мыйзамдары колдонулуп, аялдарга чектөөлөр киргизилип, таш бараңга алуу сыяктуу катаал жана үрөй учурган жазалар кайтып келген. Келечекте талиптер бийликке келсе, кандай ыкмалар колдонулары белгисиз.

2001-жылы АКШ башында турган коалиция Ооганстандагы аскердик аракетин баштагандан бери жүз миңдеген кишилер каза тапты. Алардын арасында он миңдеген жайкын тургундар дагы бар.

Абакта кармалган талиптер Би-Би-Сиге өздөрүнүн максатын жана нааразылыгын ачык айтып жатты. Бирок так окуялар жөнүндө сөз кылуудан баш тартышты. Мавлави Фазел Бари 15 жыл мурда талиптерге кошулган экен. Ал Гильменд провинциясындагы аскер башчыларынын бирине чейин өскөн.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мавлави Фазел Бари (оң тарапта) Гильменд провинциясындагы аскер башчыларынын бирине чейин өскөн

Мавлави Фазел кармалган абакта жалаң талиптер отурат, кыймылдаганга орун жок. Улгайгандар гана жерде отуруп сүйлөшөт, башкалары жымжырт, сөз чыгарбайт.

Жерге кызыл палас төшөлгөн, жөлөнүп отурууга жаздыктар дагы бар. Дубалда Мекке менен Мединаны сүрөттөрү илинип турат. Андан тышкары гүл, шаркыратма жана бал муздактын сүрөттөрү дагы бар.

Согушкерлер абакты бейишке окшоштуруп жасалгалашканын айтышууда. Талиптер согуш учурунда өлсө, дароо бейишке барам деп ишинет. Дубалдын жанында куран жана башка диний китептерге толгон шкаф турат.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Пул-и-Чархи түрмөсү

Мавлави Фазел мурда динаятчы болгондуктан, түрмөдөгүлөр аны сыйлашат.

"Силерге так айтайын, Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер кетпесе, тынчтык орнобойт",-дейт ал.

Ооганстандагы талиптерге 2001-жылы сентябрь айындагы АКШда болгон террордук чабуулду уюштурду делген экстремисттик ал-Каида уюмунун өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө уруксат берип, уюмдун лидери Осама бин Ладенди калкалап келди делген айып коюлган. АКШ башында турган коалиция Ооганстанда аскердик операциясын баштаганына 19 жыл болду. Бул АКШ тарыхындагы эң узакка созулган согуш болуп калды.

АКШнын президенти Трамп сентябрь айында Талибан кыймылы менен тынчтык келишимге жакындап калганын кабарлаган. Бирок талиптер 12 кишинин, анын ичинде бир АКШ аскеринин өмүрүн алган Кабулдагы жардырууну мойнуна алгандан кийин, Трамп сүйлөшүүлөрдү токтотту.

Учурда Ооганстанда 13 миң АКШ аскери бар. Талиптер менен келишим күчүнө кирген болсо, АКШ беш айдын ичинде аскерлердин санын 8600гө кыскартмак. Президент Трамп 2016-жылы өткөн шайлоо өнөктүгүндө Ооганстандагы согушту токтотом деп убада берген.

Сынчылар АКШ аскерлерин чыгарып кете турган болсо, өлкөдө башаламандык орнойт деп эскертүүдө.

Пул-и-Чархи түрмөсүнүн алтынчы блогуна басып киргенде, талиптердин аймагына киргендей эле туюлат экен. Узун корридордо Талибан кыймылынын согушкерлери эркин басып жүрөт - сакал-мурутун кыскартып, жуунуп, тамак даярдап.

Бари менен чогуу кармалгандар түрдүү кесиптин ээлери жана ар кандай жагдайда абакка кесилген. Мурдагы мугалим, дыйкан, соодагер жана айдоочулар. Алар талиптер үчүн салык чогулткандан тарта, күзөттө жүргөн аскерлерге кол салуу же жардырууларды уюштурганы үчүн айыпталып, күнөлүү деп табылган.

Бари сыяктуу аскер башчылар түрмөдөгү күн тартибин аныктай. Түрмөдөгүлөр күнүнө беш маал намаз окуйт, ортосунда диний сабактар, куранды жаттоого убакыт берилет. Тамактануудан кийин абактагылар эшикке чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Таза абага чыкканда көбүнчө саясатты талкуулашат.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Пул-и-Чархи түрмөсүнүн алтынчы блогуна басып киргенде талиптердин территориясына келгендей сезилет

Түрмөдөгүлөрдүн көбү талиптерге кошулуп кеткенин өч алуу, кыжырдануу сезиминен улам деп түшүндүрүшөт. Аба соккулары учурунда жакындарын жоготуп, өч алуу үчүн курал көтөргөндөр абдан көп.

"Америка күчтөрү кыштагымды аба чабуулуна алганда [15 жыл мурун] кошунам жана анын эки аялы өлдү. Кошунамдын жаш баласы Рахматулла аман калган,-дейт Бари. -Баланы асырап алдым, окуттум. Бирок тик учактын үнүн укса эле, "мени өлтүргөнү келишти" деп кыйкырып, ыйлап калчу".

Бари күнөөсүз балдардын жана аялдардын өлүмүн жана мечиттердин талкаланганын көрүп, талиптерге кошулуп кеткенин айтып берүүдө.

Түрмөдөгү дагы бир аскер башчылардын бири Мулла Султан дагы "адилетсиздикти" көрүп, Талибан кыймылына кошулгамын дейт.

"Ооганстандык катары үнүмдү көтөрүп, чет өлкөлүк аскерлердин келишин каалабайм деп айтканга укугум бар",-дейт Мулла Султан.

Соңку он жылдын ичинде АКШ баш болгон коалиция аскерлерин чыгарып, аба соккуларын күчөттү. Бирок алардын айрымдары так болбой, көптөгөн жайкын тургундар каза тапты.

Бириккен улуттар уюмунун 2019-жылы жарыяланган баяндамасына ылайык, Ооганстанда талиптердин чабуулуна караганда АКШ баш болгон коалициянын аба соккуларынан көбүрөк жайкын тургун каза тапты.

Бирок жалпы он жыл ичиндеги жоготуулар тууралуу алсак, талиптер кыйла көп сандагы жайкын тургундардын өмүрүн кыйган деп айтылат БУУ баяндамасында.

Түрмөдөгү талиптер согуш талаасындагы жүрүштөр - көптөгөн жаш оогандарды Талибан кыймылына жакындатып жатканын айтууда. Абакта кармалгандар, талиптерге болгон ишенимин бекемдеп жаткандай.

Бари сыяктуу аскер башчылары диний үгүттөө сөздөрүн Талибан кыймылынын лидери шейх Хайбатулла Ахундзададан түз алышат деген маалыматтар бар. Абактагылар тынчтык сүйлөшүүлөрүнө дагы дыкат көз салып турушту.

"Чет өлкөлүктөр чарчады, аны билебиз",-деди Мулла Султан.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мулла Султан Ооганстанга мурдагы системаны кайтарып келүүнү каалайт

"Алар тизелеп калды, жакында качып кетишет. Ооганстандыктар ошондо шариат мыйзамдарын алып келип, Ислам системасы менен жашайбыз",-деп кошумчалады ал.

Пул-и-Чархи абагында кармалган башка кылмышкерлерге салыштырганда, талиптердин укуктары көбүрөк болгондой сезилди. Алар күн тартибин өздөрү аныктайт, түрмөдө диний мектеби бар, медициналык же укуктук жардамдар дагы салыштырмалуу жеткиликтүү.

Ошондой эле талиптер арасында биримдик байкалып турат, аскер башчыларынын айтканы так аткарылат. Бул биримдикти түрмөнүн кызматкерлери дагы көрүп турат. Ошондуктан талиптердин өтүнүчү тез каралып, чечим кабыл алынат.

"Биз бири-бирибиздин укугун коргоо үчүн өлүмгө да даярбыз",-дейт Талибан кыймылынын түрмөдөгү дагы бир башчыларынын бири Мавлави Мамур.

Түрмөнүн кызматкерлери талиптер менен кызматташып жатканын айтууда.

"Талибан кыймылынын лидерлери менен кызматташып келебиз. Бир учурда эки миңге чукул талиптер кармалат. Демек, маселени чечүү үчүн алар менен кызматташууга аргасызбыз",-деди 28 жаштагы күзөтчү, алтынчы блоктун башчысы Рахмудин.

Талибан кыймылы Пул-и-Чархи абагындагы шарттарды оңдогула деген талап менен бир нече жолу демонстрация уюштурган. Муну карап кызматташуу жемиштүү болбой жатса керек деген тыянак чыгарса болот.

Түрмөдөгүлөр Би-Би-Сиге ачкачылык жарыялашып, оозуп тигип калган учурлар көп болорун айтып беришти. Алар түрмөдөгү шарттарга нааразы, өзгөчө медициналык жана укуктук жардам ала албай жүргөндөр көп.

Айрым учурда талиптер күзөтчүлөргө кол салып, түрмөнүн кээ бир бөлүктөрүн көзөмөлгө алганы дагы катталган. Би-Би-Си бул сөздөрду тастыктоо үчүн Ооганстандын Ички иштер министрлигине кайрылды, бирок андан эч кандай жооп болгон жок.

Жылдын башында абактын кызматкерлери менен түрмөдө кармалгандар кагылыша кетип, төрт киши каза таап, 33 киши жаракат алган. Алардын жыйырмасы полиция кызматкери. Тактала элек маалыматка ылайык, түрмөдөгүлөр медициналык жардам ала албай жатканына нааразы болушкан. Бирок Ички иштер министрлиги абак жайдын күзөтчүлөр баңгизат издеп, атайын рейд өткөргөндө, ага түрмөдөгүлөр каршылык көрсөтүп, башаламандык орун алганын айткан эле.

Бари эки жылдан кийин эркиндикке чыгат. Бирок бошогондо Бари кайрадан жихадчыларга кошуларын айтып берди.

"Эркиндикке чыкканда кайрадан мурдагы аскерлерге кошулам. Мурда 20 пайызга ишенсем, түрмөдөн кийин 100 пайызга ишенип калдып. Мен өлкөмдү коргошум керек",-дейт ал.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани июнь айында түрмөдө кармалган 887 согушкерди эркиндикке чыгарган. Алардын арасында Баринин жакын досу Кари Сайид Мухаммед дагы бар эле. Ал азыр талиптер башкарган аймакта жашайт.

Талиптер башкарган аймак

Кари Сайид Мухаммед 32 жашта, Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясында жашайт. Пул-и-Чархи түрмөсүндө алты жыл кармалган.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кари Сайид Мухаммед кыздары менен

Анын атасы менен эки агасы согушта өлгөн. Эми бир туугандарынын дагы үй-бүлөсүн багуу анын моюнунда. Түрмөдөн жакында эле чыкса да, аны менен кошо чыккандардын көбү өлдү деп айтты.

"Менимче түрмөдөн чыккандардын 95 пайызы өлдү. Алар талиптерге кайрадан кошулуп, согушта каза тапты",-деди Кари. Ал жыйырма күн мурун эле абактан эркиндикке чыккан.

Анын жакын досу Бари талиптерге өч алуу үчүн кошулса. Мухаммед 18 жашында, 15 досу менен полициянын куугунтугунан качып, талиптерге кошулган.

"Ар бир кыштакта куугунтук бар. Полицияга биз тууралуу калп сөз айтылса, алар аны текшербей эле келип, бизди куугунтукташат. Бизди камакка алгыча, талиптерге кошулалы деген чечим кабыл алдык",-дейт Мухаммед.

Адам укуктарын коргогон бир нече уюм көптөгөн тургундар полиция тарабынан куугунтукка калып жатканын ашкерелешкен.

Ооганстандык жаштар Талибан кыймылына бир нече себептен улам кошулат. Аба сокку учурунда жакындарын жоготуп өч алуу, жумушсуздук же курал, унаа сыяктуу оңой олжого ээ болуу үчүн. Айрымдар достору кошулганы үчүн эле талиптердин катарына кирип калышкан.

Талибан кыймылына кошулгандан кийин Мухаммед салык чогултуп баштаган. Ал мотоцикл менен кыдырып, апийим өстүргөн дыйкандардан акча чогулткан. Талиптер Ооганстандын төрт аймагында апийим өстүрүүнү мыйзамдаштырган эле. Талиптер ага айлык төлөбөгөнү менен, мунай, ок-дары жана телефон чалууларга акча беришкен.

Башында талиптердин идеологиясына көп ишенбегени менен, чет өлкөлүк аскерлер менен согуш күчөгөндө, Мухаммед Талибан кыймылынын аракеттерин колдой баштаган экен.

"21 жашымда автоматты ийниме ыргытып, чечим кабыл алганым эсимде. Согушка баратып мусулмандары коргоп баратканымды, капырларга каршы күрөшүп жатканымды сездим. Бул ой мени таштап кеткен жок жана таштабайт",-деди Мухаммед.

Согуш учурунда өлүмдөн корконун Мухаммед мойнуна алат. Бирок бул ойду бейишке барары менен жеңгенин кошумчалады. Мухаммед аскер башчыларынын тапшырмасын аткаруу үчүн кыштактардын бирине киргенде, буктурмага кабылган.

"Ушундай учурда мээ тез иштеп калат. Өлүп калсам эмне үй-бүлөмө эмне болот, балдарым менен аялыма эмне болот деп каласың. Бирок бул шайтандын иши, ал сени алаксытып жаткан болот. Ошондо кудайга кызмат кылып жатканыңды эстеп, ишти улантыш керек",-дейт Мухаммед.

Ооганстандын атайын кызматы Мухаммедди 2013-жылы кармап, Пул-и-Чархи абагына жөнөткөн. Мухаммед менен талиптерге кошулган 15 баланын экөө гана тирүү.

Өкмөт көзөмөлдөгөн аймак

Ондогон жылга созулган согуштан кийин Ооганстандын өкмөтү 20-30 пайыз аймакты гана көзөмөлдөйт. 2001-жылы башталган согуштан бери Талиптер эң чоң аймакты көзөмөлдөйт же ошол аймакта салгылашуулар жүрүп жатат.

Ооганстанда жумушсуздук күч алгандыктан, жаштар аргасыздан согушка кошулат. Көп учурда туулуп-өскөн жер кайсыл тарапта болушун аныктайт.

Кунар провинциясында туулуп-өскөн Нематулла 24 жашында армияга кошулган. Үч жыл армияда кызмат өтөгөндөн кийин Нематулланы тоолу Урузган провинциясына жөнөтүшкөн.

Талиптер армиянын базасына кол салып, Нематулланын аскер бөлүгү аргасыз багынып беришкен.

"Салгылашуулар токтобой койду. Таңга маал ок-дарыбыз түгөндү. Биздин колубузга кишен салып, көзүбүздү жаап, мылтыктары менен башка урушту. Бизди капыр деп аташып, мусулмандардын кулу болдуңар деп маскаралашты. Басып баратып, ар бир кадамымды санадым, өлүмгө баратам деп ойлогом",-дейт Нематулла.

Ооганстандын Коргоо министрлиги бир нече күндөн кийин Нематулланын үй-бүлөсүнө ал согуш учурунда өлдү деген кабар беришкен. Балаңарды тааный албайсыңар деп, бек жабылган табытта сөөгүн дагы жеткиришкен.

Үй-бүлөсү ошол күнү Нематулланы жерге берип, 18 ай бою куран окуп турушкан.

Урузган провинциясында болсо талиптер Нематулланы үңкүрлөр аркылуу белгисиз жерге алып барышкан. Ал 54 башка аскер менен туткунда отурган.

Бир жарым жыл бою Нематулла 11 ооганстандык менен талиптердин түрмөсүндө жатты. Алардын баары армия офицерлери же полиция кызматкери эле. Алардын буттары менен колдорунан 24 саат бою кишен чечилген эмес. Нематулла талиптер тамакты абдан аз бергендиктен, туткундагылар ачкадан алсыз болуп, жаткан жеринен тура албай калган учурлар болгонун айтып берди.

Бир күнү катуу жардыруудан Нематулла чоочуп ойгонду. Аба соккусу алар кармалган жайдын дубалын талкалап, туткунга түшкөн аскерлер качып кетүүгө жетишкен. Нематулла биринчи эле атасына байланышка чыгат.

"Бул мен, Немат" десем, атам кайсыл Немат деп сурады. Сенин уулуң десем, мага ишенген жок",-дейт ал.

Өзүнүн сүрөтүн тартып, атасына жөнөткөндөн кийин гана атасы уулу тирүү экенине ишенген. Нематулла Орозо учурунда Кунар провинциясына, үйүнө кайтып келген. Айылдагылар аны жылуу тосуп алышкан. Бирок Нематулла дароо бейитке барып, өзүнөн оордуна көмүлгөн белгисиз аскерге куран окуганын айтып берди.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Нематулла бир жарым жыл туткунда болду

Үйүнө кайтып келгенден кийин Нематулла үйлөндү. Бирок белгисиз аскердин бейитине барып, куран окуганын токтоткон жок.

Би-Би-Си Ооганстанда мындай каталар көп болорун аныктады. Би-Би-Си Ооган өкмөтүнө бул боюнча бир нече жолу кайрылганына карабастан, комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Бир жарым жыл туткунда жүргөнүнө карабай, Нематулла кайрадан ооган армиясынын катарына кошулду.

Тынчтыкты наркы

Ондогон жылга созулган согуштун азабын карапайым оогандыктар тартууда. Жаштардын келечеги бүдөмүк.

Ал эми талиптер сүрүп чыгарылган чоң шаарларда жашаган аялдардын турмушу толугу менен өзгөрдү. Эми алар шайлоого катышып, мектепке барып, билим ала алышат.

Талиптер бийликте отурганда, кыздардын билим алуусуна тыюу салынган. Андан бери секелек кыздардын 37 пайызы тамга таанып калды. Бул сан дүйнөдөгү башка өлкөлөргө салыштырганда төмөн болгону менен, мурдагы статистиканы алганда чоң жетишкендик.

Талиптер көзөмөлдөгөн аймактарда аялдар менен кыздар дагы деле билим албай келет. Шаарларда жашаган аялдар талиптер бийликке келсе, кандай болот деп тынчсызданып турушат.

"Аялдар утулат. Алар билим албай калат, иштебей калат",-дейт 30 жаштагы мугалим жана алты баланын энеси Наргиз. Ал Кабулдун түндүк тарабында жашайт.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Наргиз (оң тарапта) кызы Сола (ортодо) жана абысыны Шакира (солдо)

Талибан кыймылы саясатын өзгөртүп, эми аялдардын укугун коргойбуз дешүүдө. Бирок сынчылар талиптердин трансформациясына ишенбейт. Алардын бири Наргиз.

"Талиптер өзгөрдүк деп айтканына ишенбейм. Себеби тынчтык сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, жардыруулар дагы улана берди. Алар мусулман агаларын, энелерин өлтүруп жатты. Эмне өзгөрдү!?",-дейт ал.

Наргиз жаш кезинде талиптерден улам билим албай калган.

"Төртүнчү класска көчкөндө талиптер бийликке келген. Согуш болуп, мектептер жабылган. Ошондон кийин кыздар үйүнөн чыга албай калды. Мен тогуз же он эле жашта болчумун. Күч менен хижаб кийгизишип, үйдөн чыкпай калдым. Коркконуман чыкпай калдым. Ошондо Пакистанга көчүп кеттик",-деп эстеди Наргиз.

Кайра Ооганстанда көчүп келген Наргиз, сегиз жаштагы кызы Соланын билим алуусун каалайт. Бирок мектепке баруу кооптуу болуп калды.

"Мектепте жардыруу болду, окуучулардын өлүп жатканын көрдүм. Коркконуман ыйладым. Апам мени үйгө алып кетти",-деди Сола.

Ооганстандагы согушту сүйлөшүүлөр аркылуу гана токтотуу мүмкүн деп айтылып келет. Бирок АКШ, Талибан кыймылы жана ооган өкмөтүн сүйлөшүүлөр үчүн бир үстөлдүн тегерегине чогултуу абдан татаал.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ооганстандагы согушта жүз миңдегендер каза тапты

Ооган өкмөтү бир ай бою ок чыгарбоо келишими сакталса гана талиптер менен сүйлөшүү өткөрүүгө даяр экенин айтууда. Талибан кыймылы болсо, чет өлкөлүк аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенде гана өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз деген талап койду.

Дал ушул себептен Наргиз сыяктуу ооганстандыктар жакын арада тынчтык орнойт деген сөзгө ишенбейт.

"Тынчтык болбойт. Ооганстанда ар бири башка тарапка тарткан кездеме бойдон кала берет. Алардын кимиси дос, кимиси кас экенин билбейсиң,-дейт ал. -Америкалыктарбы...же талиптерби же өкмөт бийликке келеби, бизге бир гана тынчтык керек".

Баяндамадагы ысымдар өзгөртүлгөн.