Идлиб: Орусиянын аба соккулары Түркияга эскертүүбү?

Аба соккуларынан мүрт кеткен жоочулар Түркия колдогон "Файлак аш-Шам" тобуна таандык деп айтылды

Орусиянын аба соккуларынан Сириянын Идлиб провинциясындагы Түркия колдогон топтордун элүүдөй жоочусу өлтүрүлүп, ондогону жаракат алды деп кабарлады укук коргоочулар.

Кол салуу Орусия менен Түркиянын ортомчулугу менен ишке ашкан марттагы ок атышпоо келишимин коркунучка кептеди. Аба сокку "Файлак аш-Шам" тобунун турумдарын бутага алган. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия борборунун маалыматына ылайык, 78 киши набыт болду.

Сирия армиясы бул аймактагы чабуулдарын токтотуп, ок атышпоо келишими кабыл алынган эле. Ошондон бери биринчи жолу аба соккусу жолдонду.

Идлиб провинциясы Сириядагы жоочулардын акыркы чеби болуп калды. Келишимдин алдында аймакты 1 млн. чамалуу киши таштап чыгып кеткени бар. Азыркы күнгө чейин келишим күчүндө келе жатат. Тараптар ок атышпоо боюнча келишимге жетишкенден кийин Түркия билдирүү жасап, Башар Асадка байланышкан күчтөрдүн кандай гана чабуулу болбосун жообун берерин эскерткен эле.

Идлибде жүгөн Франс пресс кабарчысы ондогон кишилерди жерге берүү зыйнаты өткөнүн көргөн. "Файлак аш-Шам" тобу дагы "Улуттук боштондук фронтуна" кирет.

Айрым аналитиктер аба соккуну Москванын түрк президенти Реджеп Тайип Эрдоганга эскертүүсү катары чечмелеп жатышат. Азыркы маалда Түркия Тоолуу Карабах чатагында Азербайжанды колдоп жатат.

Адам укуктары боюнча Сирия борбору "Файлак аш-Шам" тобунун айрым жоочулары Тоолуу Карабахтагы жаңжалда Азербайжан тарапта согушуп жатканы тууралуу маалымдаган. Ошондой эле бул топ Ливияга дагы кишилерин жөнөтүп, өкмөттүк күчтөр тарапта согушуп жатканы айтылган эле.

Аскер илимдери институтунун окумуштуусу Николас Герас Франс пресске берген маегинде, аба соккулары орустардын Эрдоганга ишараты болду деп чечмелеп жатат.

"Бул аркылуу Путин эгерде Ливиядагы, Сирия жана Тоолуу Карабахтагы жаңжалда Түркия орусиялык кызыкчылыктарга каршы чыгып, жолдору кесилишсе, Сириядагы көтөрүлүшчүлөргө кайсыл учурда болсо дагы сокку урууга даяр экенин ишарат кылды"

Согушка чейин Идлибдеги алты миң чарчы километр аймакта бир жарым миллиондой киши жашачу. Азыр эми андан эки эсеге кыскарган аймакта (аймактын чоң бөлүгүн Орусиянын колдоосу менен Асаддын күчтөрү ээлеген) 3 млн чамалуу киши бар. Анын ичинен миллион чамалуусу балдар экени айтылып жүрөт. 2018-жылдын сентябрында Сочиде өткөн Түркия жана Орусия президенттеринин жолугушуусунан соң, Идлибде де-эскалация тилкесин түзүү келишими кабыл алынган.

Ок атышпоо тууралуу келишимдер мурда сакталбай келген эле. Бирок ушундан кийин кан төгүү азайды.

Провинцияны Түркия колдоого алган сириялык оппозиция көзөмөлдөп калган. Бирок Москва менен Дамаск убадалар аткарылбай, Идлиб радикалдуу "Хайят Тахрир аш-Шам" исламчыл тобунун чебине айланып калды деп эсептейт. (Бул топ көп өлкөлөрдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынып, террористтик деп табылган). БУУнун январдагы Сириядагы кырдаал боюнча докладында топто 12-15 миң жоочу бар экени айтылат.

Асаддын армиясы Орусиянын аба күчтөрүнүн колдоосу менен 2019-жылдын декабрынан 2020-жылдын февралына чейинки Идлибге чабуул койгон. Ушундан улам миллион чамалуу сириялыктар Түркия менен чек арага жакын жайга жер которушту.

Бул мезгилдеги 46 аба соккусуна анализ жүргүзгөн Human Rights Watch уюму Идлиб провинциясындагы орусиялык күчтөр менен Асаддын күчтөрүнүн аракеттерин аскер кылмышына тете деп баалаган. Соккулардан жүздөгөн жайкын тургундар набыт болгону айтылат.