Президенттик шайлоо: Садыр Жапаровдун жолундагы укуктук машакат

Садыр Жапаров

Кыргызстанда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер көрсөтүү ноябрдын ортосуна чейин аякташы керек деп билдирүүдө. Ошол эле учурда азыркы премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун президентикке талапкерлигин кое алабы деген суроо чоң талкуунун чордонунда болууда. Анткени, анын жолундагы укуктук чектөөлөрдү ар ким ар кандай чечмелеп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоону 10-январга дайындады. Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү ноябрдын ортосунда аяктай турганын бүгүн Би-Би-Сиге БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди:

"Бул этап 14-ноябрь менен бүтөт. Ошол күндөн баштап тиешелүү документтерди ырастап, 7-декабрга чейин талапкерликке көрсөтүлгөн кишилердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тиешелүү документтерди тапшырыш керек. Анын ичинде отуз миңден кем эмес кол тамгалар бар. Кол тамгалар 3-декабрга чейин тапшырылышы керек. 14-декабрь КР президентигине талапкерлерди каттоонун акыркы күнү. 15-декабрдан баштап шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат".

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Абдыжапар Бегматов

Бул жерде баарын кызыктырган эң башкы маселе-азыркы премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп шайлоого катыша алабы деген суроо болуп жатат. Анткени, анын өзү мыйзам жол берсе, шайлоого катышарын билдирген. Азыр президенттин милдетин аткарып турганда талапкерлигин койгонго укугу жок. Бул укукка ээ болуш үчүн ал президенттин милдетин аткарууну башкага өткөрүп бериши керек. Бирок мунун Баш мыйзамда каралган мөөнөттөрү өзүнчө бир талашты жаратууда.

Жекшембиде Кочкор районунда барган учурда Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкерлигин коюу ниетин кайталап айтып, 10-декабрда кызматын тапшырып, катардагы адам катары шайлоого катышарын билдирди. Бирок шайлоо мыйзамынын талабы боюнча ал талапкерлиги көрсөтүлгөндөн кийин документтери БШКга түшкөн учурдан кеч калбай кызматынан кетиши керек.

"Жылдырылгандан кийин БШК алып келип тапшырылса, ошол күндөн баштап жылдырылган талапкер болуп саналат, мен бирөөнүн фамилиясын айтпайын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер эгер ал президент, ЖК депутаты же жергиликтүү кеңештин депутаты болбосо, анда өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууну токтото турат",-деди А. Бегматов.

"Беш жыл бүттү"

Мурунку президент С. Жээнбеков отставкага кеткенде президенттин милдетин аткаруу ЖК төрагасына өткөн. Бирок спикер болуп жаңы шайланган Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан, ошол себептүү бул милдет премьер-министр болуп шайланган Садыр Жапаровго жүктөлдү. Баш мыйзамдын жолун билген адистер Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруудан өзү баш тартса, бул милдет кайра ЖК төрагасына же биринчи вице-премьерге өтүп, анын жолу ачылат деп жатышат.

Бирок кайрадан эле эл ойлогондой оңой чечилбейт окшойт. Анткени, 28-октябрда Жогорку Кеңештин азыркы курамынын мөөнөтү бүтөт, ошондуктан Садыр Жапаровдун укуктук талаадан чыгып калбашка эки күндүк гана убактысы калды деп билдирди Би-Би-Сиге "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, мурдагы депутат Чолпон Жакупова

"Алар бул датадан кийин эчтеке кыла алышпайт. Анткени беш жыл бүттү. Демек, Садыр Жапаров декабрда, ноябрдын же январда президенттин милдетин аткарууну өткөрүп берип, шайлоого бара албайт. Анткени, Конституциянын 68-беренесинин экинчи бөлүгүндө президенттин милдетин аткаруучу адам президенттикке талапкер болуп катыша албайт деп так жазылып турат. Анын азыр ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, алтынчы чакырылыш аны кабыл алып, спикерди президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындоого 28-октябрга чейин гана убакыт бар. Андан кийин Жогорку Кеңештин бир дагы чечими юридикалык күчкө ээ болбойт",-деди Чолпон Жакупова.

Бирок, ошол эле учурда Жогорку Кеңештин азыркы курамынын мөөнөтү бүтүп калды деген корутундуга кошулбай, аны жаңы курам келгенче иштей берет, буга баш мыйзамда өзүнчө норма каралган деп жаткан башка эксперттер чыгууда.

Экс-премьер-министр Феликс Кулов бүгүн Фейсбукка жазгандай, бул талашта кимдики туура экенин айтыш кыйын, аны талашып-тартышуунун өзү да пайдасыз болуп калгандай. Акыркы бүтүм Жогорку Сотто же Конституциялык палатанын колунда турат. "Реформа" партиясы тийиштүү арыз менен Конституциялык палатага кайрылган жатат. Бирок соттун бул бутагы арызды жарым жылга чейин карабай созуп жүрө бергидей жаман практикасы бар экени айтылууда. (КС)