“Опурталдуу жол”: Саясий кризистен - конституциялык кризиске

Жогорку Кеңештин жыйыны

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун мөөнөтү жана конституциялык реформа боюнча саясий күчтөрдүн ортосундагы күрөш күчөдү. Мөөнөтү бүтүп жаткан парламент шайлоо жана конституциялык реформа жасаганга укугу жок деп "Реформа" партиясы Конституциялык палатага кайрылды. Ошол эле убакта конституциялык талашты Жогорку Сот дагы караган жатат.

Бийлик алмашуу канчалык легитимдүү болду деген талаш-тартыштын күүсү таркай электе, Жогорку Кеңеш баш мыйзамды одоно бузган чечимдерди чыгарды, "узурпация башталды" деген билдирүүлөр байма-бай тарап жатат. Сөз Жогорку Кеңештин парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жазга жылдырып, андан биринчи конституциялык реформа өткөрүү жөнүндө соңку чечими жөнүндө.

"Реформа" партиясы Жогорку Кеңештин чечимин четке кагуу жөнүндө арыз менен Конституциялык палатага кайрылганын анын лидери Клара Сооронкулова билдирди:

"Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырып коюшту конституциялык реформа өткөзөбуз деп. Азыркы мөөнөтү бүткөн, элдин ишенимин жоготкон Жогорку Кеңешке кантип ишенебиз жаңы баш мыйзамды кабыл алганды. Буга ишеним да болбойт, эл аралык коомчулук да тааныбайт. Абдан опурталдуу мыйзамсыз жолго түшүп алдык".

Кайсынысы ката, кайсынысы туура?

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргызстандагы соңку парламенттик шайлоодогу нааразылыктар массалык тополоңго алып келди. БШК шайлоону жараксыз деп жарыялады.

Жогорку Кеңештин азыркы алтынчы чакырылышынын мөөнөтү 28-октябрда аяктайт. Бул мөөнөт бүткөндөн кийин анын укугу токтойт, анын иши легитимсиз болуп калат деп "Адилет" укуктук клиникасы дагы өзүнүн корутундусун чыгарды.

Ошол эле учурда жаңы парламент шайланып келгичекти анын эски курамы иштей берет, буга Конституция жол берет деп башкалар талашууда.

"Конституциянын башка дагы ченеми бар. Иштеп жаткан Жогорку Кеңештин курамынын иши жаңы курамдын биринчи отурумунан баштап токтотулат деп турат. Конституциянын бул эки ченеми тең бирдей күчкө ээ болгондуктан, кайсынысы туура, кайсынысы ката экенин жарандык коом талкуулаганга укугу да жок, аны эксперттер да айта албайт", -дейт БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев.

Ошентип, өлкөнүн Баш мыйзамын ар ким өз билгениндей чечмелеп жатат. Конституциянын жоболорун чечмелеп окуу укугу, көрсө, эч кимде жок экен. Соңку бүтүм соттун колунда экен.

Бирок бул жерде дагы өзүнчө тоскоолдуктар бар. Конституциялык палата ишти арыз түшкөн күндөн кийин алты ай аралыгында карайт. Ошондуктан ал ишти дароо карап чечпей, ары чоюп, бери чоюп отуруп алышы да мүмкүн.

Экинчиден, Кыргызстанда соттор өз алдынча акыйкат чечим чыгарып берерине ишеним аз. Конституциялык палата бийликке кол жоолук болуп, анын оюндагыдай чечимдерди чыгарып берген учурлар көп болгон. Азыр башкача болуп кеткен соттор жок.

"Саясаттагы имитация"

4-октябрда өткөн шайлоонун аягы чырга айланып, тополоң чыгып, президент, өкмөт кызматынан кетип, шайлоо жараксыз болуп калгандан кийин өлкөдө саясий кризис келип чыкты. Жаңы премьер-министр, президент милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бардык процесс укуктук жол менен кетиш керек деп билдирип жаткан чакта, бийликке келген саясий күчтөр бийликти узурпациялап баштады деген сындар байма-бай айтылууда. Өлкө саясий кризистен эми конституциялык кризиске бараткандай. Анткени, азыркы иштеп жаткан Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү чоң суроо жаратты. Анын мөөнөтү 28-октябрда аяктайт, жаңы парламент курамы шайлана элек. Мындай шартта шайлоо күнүн белгилөө, конституциялык реформа жүргүзүүгө анын укугу жок деп жатышат.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мөөнөтү бүтүп бараткан алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү өзүнчө конституциялык талашка айланды.

Жогорку Кеңеш ичинен ызылдап жаткан учурда БШК Конституцияга, шайлоо мыйзамына таянып, парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындап таштаган. Анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоо күнүн жылдырган мыйзам кабыл алып, анын эртеси сот БШКнын чечимин жокко чыгарып салды. Эми талаштын чордону Жогорку Сотко кетти.

Ошол эле учурда өлкөдөгү саясий күчтөр шайлоодон мурун конституциялык реформаны талап кылышууда. Анткени, азыркы башкаруу формасы менен шайлоо моделин сындабаган киши аз.

Партиялык тизме менен шайлоодон элдин көңүлү калгандай, анткени бул өлкөдө партиялар классикалык партияга окшобойт, өзүнчө эле саясий топтор менен достордун бирикмесиндей. Элге жек көрүндү болсо дагы капчыктуу адамдар биригип акча таратып, шайлоодо жеңип чыгууда. Өткөн шайлоодо жеңишке жетип алдыга чыккан бийликчил үч партияны ошон үчүн жаңы шайлоого кое бербей, таратып салуу жөнүндө талаптар болууда.

"Азыркыдай эреже менен шайлоо боло турган болсо, акылдуу-эстүү балдар өтүп келмек тургай, босогосуна да жолой албай калып атпайбы. Шайлоо болбой калбады чынында. Ушундай болору белгилүү болчу да чынында. Эгерде тополоң болуп кетпесе, алтынчы чакырылыштагы эле депутаттардай болору табышмак беле? Көрүнүп эле турбадыбы. Биз ишенген эр-азаматтар , жаштар, ушул шайлоого катышабыз дегендер босогонун пайызын, анан күрөөнү азайткыла деп гана туруп алышпадыбы. Шайлоонун эрежесин түп-тамырынан бери өзгөртөлү, башкача шайлоо кылалы дегенди унутуп эле, эптеп ушул эки маселе чечилсе, азыркы системага тизилип, камал менен чемелдин ортосунда өтүп кетип, парламентке келип, саясатты имитация кылып, ошол жакта жүрсөк деген далалаты байкалып калбадыбы",-деди мурунку башкы прокурор, ЖКнын мурдакы депутаты Кубатбек Байболов.

Ал ортодо өлкөнүн өзүнүн башкаруу модели жөнүндө дагы сөз көбөйүп баратат. Мындан он жыл мурдакы кандуу бийлик алмашуудан кийин жаңы конституция кабыл алынып, Кыргызстан парламенттик башкаруу жолуна түшкөнүн жарыялаган. Бирок он жыл ичинде анын дагы ар кандай кемчилигин көрүштү. Ошол себептүү, президенттик башкарууга кайтууну каалап турган дагы саясий күчтөр бар. (КС)