"Эл жаңыланууну талап кылууда": талашка түшкөн шайлоо мыйзамы

Текебаев Өмүрбек

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды.

Алдыда мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо өткөрүү түйшүгү дагы күтүп турат.

Парламентти шайлоо мыйзамын өзгөртүү маселеси Жогорку Кеңешту кызуу талкуу жаратты. Айрым депутаттар аны кыска убакытта кабыл алууга каршы чыгышты. Ал тапта президенттин милдетин аткаруучу ЖКга БШКнын төрт мүчөсүн чакыртып алуу боюнча кат жөнөттү.

ЖКнын 16-октябрдагы жыйынында парламенттик шайлоо өткөрүүгө 60 күн бар экени айтылган. Ага чейин Жогорку Кеңеш "Президентти жана Жогорку Кеңешти шайлоо" тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизмей болгон. Аны Алтынбек Сулайманов баштаган бир нече депутат сунуштаган.

БШК 21-октябрда парламенттик шайлоо күнүн жарыялады. Депутаттар алар мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөткө жараша күндү жарыялаганын айтып, мыйзамды андан кийин да өзгөртө беришерин айтууда.

Бирок жалпы жыйында бул мыйзам долбоору кызуу талкууга түштү. Анын талкуусун күн тартибине киргизүү маселесинен тарта эле депутаттар эки жаатка бөлүндү.

Адегенде "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Талант Мамытов бул маселе күн тартибине алдын ала коюлбаганын айтты.

Талант Мамытов элдин талабы депутаттардын санын азайтуу болгонун айтып, биринчи аталган мыйзамды оңдоо эмес, Конституцияны өзгөртүү зарыл деди.

"Эл бүгүнкү күнү жаңыланууну талап кылып жатат. Жаңылануу жаңы референдумдан башталыш керек. Жаңы нормалар кирип, элдин талабы аткарылганда гана жаңылануу болот. Силер айтып жаткан принцип менен кетсе, баягы эле болот. Партиялардан дагы эле биринчи бештикте, ондукта турган талапкерлер келет. Партиялык система кылсак, элге укук бериш керек, биринчи номердеги келеби же жүз жыйырманчы келеби, эл чечсин", - деди Талант Мамытов.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, курч саясий окуялар болду

Башка дагы бир нече депутат конституциялык реформа өткөрүш керек дешти. Алардын бири Махабат Мавлянова босого чек төмөн болуп, көп партия келсе кайсы идеологиянын артынан кетебиз деген суроону койду.

"Жети-сегиз фракция барса, алты-жетөөсү көпчүлүк коалицияга кирсе, кайсы программаны, кайсы идеологияны колдойбуз, айтыңыздарчы? Демократиялуу Америкада эки эле партия бар, эли эки эле идеологияга бөлүнгөн",- деген депутат Мавлянова аны башкаруу симтемасын өзгөртүүгө эч ким үгүттөбөгөнүн, өз оюн айтып жатканын кошумчалады.

Ал эми депутат Курманкул Зулушев мыйзам долбоору адегенде коомдук талкууга коюлуш керек деген регламентти талап кылды:

"Үч өзгөртүүнү карап берип коёлу деп жатасыздар, урматтуу депутаттар. Босогону түшүрөлү, "2-форманы" жок кылалы деген бул саясий кызыкчылыгы бар адамдар, сиздердин оюңуздар. Кечээ аянтка чыккан эл эмне деп жатат, депутаттар, саныңды азайт деп жатат".

Депутат Алтынбек Сулайманов алар сунуштап жаткан өзгөртүүлөр буга чейин коомдук талкууда турган Исхак Масалиев жана башкалардын мыйзам долбоорлорунда бар экенин эске салды. Анда талкууга коюу сыяктуу процедураларды аткарыш керек болсо, ошол мыйзам долбоорлоруна добуш берүүнү сунуштады:

"БШК шайлоо күнүн жарыялады. Боло турган шайлоого мыйзамды кабыл алып, ушуну тактап берип коёлу. Кечээги кетирген кемчилик - шайлоого ушул жерде отурган депутаттардын 120сы болбосо да, сексени катышты. Күнөөңөр жокпу? Босогону 7% кылып, "Форма-2" арызын киргизүүнү кабыл алып бергенге баарыбыздын, менин да күнөөм бар. Эми ошону оңдоп берип коёлучу. Шайлоого барбасак барбай эле коёбуз. Эч кимибизди парламенттен көргүсү келген жок", - деген Сулайманов кийинки чакырылышка жаштардын, жаңы партиялардын келишине жол ачуу анын тарыхый миссиясы экенин белгиледи.

БШКнын мурдагы төрагасы Ишенбей Кадырбеков мамлекетти толук мыйзамдуу жолго түшүрүү шайлоолорду өткөрө турган БШКнын жана Башмыйзамдын колунда экенин айтты.

ЖКнын мурдагы төрагасы Зайнидин Курманов шайлоодон кийин көтөрүлгөн эл парламентке коомдун түрдүү өкүлдөрү келбей калганына нааразы болчу, андыктан алардын киришине жол ачууга аракет кылбаган депутаттарды түшүнүү кыйын деди.

Ошол эле учурда саясат таануучу, Президенттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Акматалиев конституциялык реформа болбосо өлкөнүн саясий кризистен чыгышы оор деген ойдо.

Мындан сырткары Жогорку Кеңеш бүгүн президенттик шайлоонун күнүн белгилери күтүлүп жатат. Мыйзамга ылайык, ЖК президент кеткенден кийин бир аптанын ичинде президенттик шайлоо күнүн жарыялаш керек.

Ал тапта президенттин милдетин аткаруучу БШКнын төрт мүчөсүн чакыртып алуу тууралуу катты ЖКга жөнөттү. Төрага кат регламентке ылайык комитетке жиберилгенин билдирди. Анын айтымында, ЖК аны жети күндөн кем эмес, он күндөн ашык эмес убакытта чечип бериш керек.

Бирок Талант Мамытов анда шайлоо мыйзамын дароо талкуулап жаткандай эле БШКнын мүчөлөрүн чакыртуу катын да жалпы жыйынга дароо чыгаралы деди.

Ошентип "Президентти жана Жогорку Кеңешти шайлоо" тууралуу мыйзамды талкуулоо жалпы жыйында уланып жатат. Биринчи окуу жыйынтыкталды, бирок канча депутат кандай добуш бергени толук эсептеле элек. Ал ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин кароосунан өткөн.

Мыйзам долбоорунда парламенттик шайлоонун босого чегин 7%дан 3%га, шайлоо күрөөсүн 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүү жана "2-форманы" жоюу каралган.

Экинчи окууда депутаттар кагаз түрүндө өз сунуштарын киргизет. Мисалы, КСПД фракциясынан депутат Аалы Карашев шайлоо босогосун 4% кылууну сунуштады.