Башаламандык учурунда кыргыз экономикасы 8 млрд сомдон ашык зыян тартты

  • Азиза Марат кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бишкек, 6-октябрь

Бизнес ассоцияциялардын улуттук альянсы соңку окуяларга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 10-октябрга чейин 8 млрд сомдон ашык зыян тартты дейт. Инвесторлор менен түзүлбөй калган келишимдерден 210 млн доллар өлкөгө түшпөй калганын билдирди.

ASEC инвестициялык компаниясы Кыргызстандын энергетика тармагына инвестор тартуу менен алектенет. Анын директору Асел Кожомжарова Кыргызстандагы митингдерге, коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу потенциалдуу инвесторлорун жоготконун айтууда.

"Бул абал биздин ишмердигибизге терс таасир этти,-деди Асел. - Биз иштешип жаткан инвесторлор эмне болуп жатат деп жазып, чалып, тынчсызданышты. Инвестиция салуу үчүн бул өлкөнү тандаганына өкүнүп, чечимдеринен шек санап жатышат. Биздин ишмердигибиз болсо түздөн түз аларга байланыштуу. Биз техникаларыбызды катып үйгө кеттик. Жаныбыздагы дүкөндөр биринчи эле күнү товарларын ташып чыгып кетишти. Мунун баарын карап туруу өтө кайгылуу болду. Бир апта бою саналуу сааттан гана иштеп жаттык. Мына бүгүн жакшы болуп калат дейбиз. Абал азыр да калыбына келе элек. Биз ар бир инвесторду тартуу үчүн Кыргызстанды аябай жарнамалайбыз. Инвестор ансыз деле жок".

Алдыда дагы көп ири инвестициялардан кол жууп калуу коркунучу турганын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жазды.

Ал тапта Ысык-Көлдө өзүн элдик кошуун атаган топ коргоп беребиз деп пансионат жана башка эс алуу жайларынан чоң суммадагы акча талап кылган видеолор тарады.

"Ата, качан деп мөөнөтүн сурап жатышат алар", - дейт видеодо атасына чалып жаткан кыз. Аны тегеректеп көп киши жүрөт. Бир топ эркек адамдардын "мынчасында беребиз деп жаз", "беш жылдан кийин дагы бирдеме болуп кетиши мүмкүн", "силер да ыраазы, эл да ыраазы" деген жарыша сүйлөгөн үндөрүн угууга болот. Тараган маалыматтарга ылайык, алар белгилүү эс алуу жайынан бир миллион сом берүү боюнча тил кат жаздырып алууда.

Элдик кошуунбуз деген топ Ысык-Көлдүн жээгиндеги бир катар бардар эс алуу жайларынан коргоп беребиз, чогулган акчаны айылдарга жумшайбыз деп акча чогултуп жатышканын маалымат каражаттары жазды.

Миллиондогон зыяндар

Ишкерлер 5-октябрда башталган башаламандыктарда жана андан бери бизнес көп зыянга учурап жатканын айтууда.

Бизнес ассоцияциялардын альянсы билдирүүсүндө 10-октябрга чейин бизнес 8 млрд сомдой жоготууга учурады. Инвесторлордон келбей калган каражаттын суммасы 210 млн доллардын тегерегинде. Андан бери Бишкекте өзгөчө абал уланууда, айрым ишканалар болсо дагы деле толук иштебей жатат.

Альянстын билдирүүсүнө ылайык, Кара-Кече, Жамгыр, Кичи-Чаарат, Иштамберди, Бозумчак, Жерүй кендери жоготууга учурады. Жунда мунай заводуна зыян келтирилди. Бишкектеги жана бардык республика аймагындагы чекене сатуулар менен алек болгон ишканалар жана коомдук тамактануу жайлары жабыр тартты.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жерүй алтын кени өлкөдөгү башаламандык учурда танап-тонолгонун кабарлады

"Биздин мүчөлөрүбүз жоготуулар 200 млн долларга чейин болду деп жатышат. Эки-үч күн иштер толук токтогон, акча которуулар чектелген, импорт-экспорт иштери токтогон. Биз жылдык статистиканы алып, эконометрика менен эсептедик. Ошондо жоготуу 8 млрд сомдон ашык. Мында инвестиция эске алынган жок, анткени ан ниет болуп эсептелет. Ошол күндөрү инвесторлор менен 23-24 келишимге кол коюлуш керек болчу, ал ишке ашпай калды. Айрымдар эки-үч жыл сүйлөшүү жүргүзүп келген инвесторлор баш тартканын айтышты. Мисалы, Казакстандан эки, Кытайдан, Чыгыш Европадан, Түркиядан жана Орусиядан бирден инвестор кирмек экен. Жерүй кени зыянын 15 млн доллар чамалуу деп жатат, бирок толук санала элек. Бишкек мэриясы шаардагы мүлктөрдү талкалоонун зыяны 16-17 млн сом деп божомолдоодо. Он чакты ишкананын терезелери сынды", - деди Бизнес ассоцияциялардын альянсынын башчысы Искендер Шаршеев.

Бул күндөрү элдик кошуундар, ыктыярчылар бизнести коргоду. Шаршеев бул жолу соода түйүндөрү, ишканалардын ичи же товарлары каракталбаганын белгиледи.

Бизнес эксперт Улук Кыдырбаев мамлекет бизнести коргой албаса, салыкты кошуундарга бериш керек дейт.

"Мисалы, таксини жалдап, акысын төлөсөңүз аны менен жүргөнгө акыңыз бар, - дейт Кыдырбаев. - Мамлекетте жашап, биз салык төлөп жатабыз. Салык төлөгөндөн кийин жөнөкөй укуктарыбыз сакталыш керек. Мамлекет бизди коргош керек. Биз милициянын айлыгын бюджетке төлөп берип жатабыз. Эгер менин мүлкүм сакталбаса, анда салыкты төлөбөй эле коёюн?".

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Эксперттер бул жолу ыктыярчылар көп ишканаларды, дүкөндөрдү сактап калганын айтууда

Митинг болуп жаткан күндөрү Кыргызстандан сыртка акча которууларга тыюу салынды. Банктар 6-7-октябрда иштеген жок. Улуттук Банктын расмий өкүлү Аида Карабаева банктар жана финансылык мекемеер тикелей материалдык зыянга учурабаганын билдирди:

"Банктар ишин 8-октябардан тарта улантышты. Кыскартылган режимде саат үчкө чейин иштеп жатышты. Ошол эле учурда улуттук төлөм системасы, нак эмес төлөм системалары иштеп жатты. Банкоматтар аркылуу акча алуу мүмкүнчүлүгү болду".

Банктар талап тоноого учураган жок. Бишкекте айрым банкоматтар талкаланды, бирок акчалай зыян келтирилген жок.

Кыргызстандагы жоготуулар толук эсептелген жери жок. Ушу тапта абалдын турукташуусун биринчи болуп талап кылгандар бизнесмендер, экономикалык тараптар болууда.