"Салам, айымдар": энелердин чет жерде окуу тажрыйбасы

Улуу Британиянын жогорку окуу жайларында магистрдик билим алууга "Чивнинг" стипендиясына тапшыруу жүрүп жатат. Ага жылда көптөгөн кыргызстандыктар тапшырып, саналуу кишилер өтөт. Программанын бүтүрүүчүлөрү, Кыргызстанда ийгиликтүү иштеп жаткан айымдар Британияда окуу, ага өтүү тажрыйбаларын айтып беришти. Алар үй тиричилиги, балдары болгонуна карабай энелер билим алууну токтотпош керек дешет.

ЮНИСЕФ балдар фондунун коом менен байланыш боюнча адиси Мавлюда Жапарова менен USAID жарандык катышуу боюнча программалардын менеджери Элмира Жолдошева жашоого көз карашы өзгөргөндөн тарта илимий иш жазууну өздөштүрүп келгенин айтып беришти. Би-Би-Си алардан адегенде эмне үчүн Британияда окууну тандашканын сурады. Берүүнү Азиза Марат кызы алып барды.