Чыңгыз Айтматовдун он эки керемети

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиевдин Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн сөзү.

1. Башкы каармандары тарыхый инсандар эмес, карапайым адамдар

Танабай, Сейде, Дүйшөн, Эдигей, Казангап, Арсен ж.б. Алар биздин арабызда эле, анчейин балким билинбей жүргөн каармандар. Бирок адам баласы сынала турган учурга келгенде алар абийир, намыс жана бийик адамдык касиеттерин көрсөтүп, адам деген улуу атты бийик туткан инсандар болуп чыга келишет. Чынгыз Айтматов улуу сүрөткер катары көпчүлүк баамдай билбеген жагдайда жөнөкөй адамдагы улуу сапаттарды таба билген. Анын айрым адабий каармандары кандайдыр бир дэңгээлде тарыхий каармандай таасирге ээ. Башкача айтканда, Айтматов айылдык карапайым кыргыздардан дүйнө тааныган кыргыздарды жаратты, маселен, Танабай менен Толгонай эне.

2. Чынгыз Айтматовдун көрөгөчтүгү

СССРдин 70 жылдык адабиятында социалисттик реализм принцибине таянып не деген гана поэзиялар, прозалар жазылбады. Тилекке каршы алардын дээрлик көбү бүгүн окулбай калды. Бир эле партиянын, бир эле режимдин, бир эле өлкөнүн идеологиясына кызмат өтөгөн адабият катары кала берди. А Чынгыз Айтматовдун негизги чыгармалары совет заманында жаралса да, алар бүгүнкүдөй маанилүү. Анын кеменгерлиги - кечээкини бүгүн көркөмдөп айтып бергендигинде гана эмес, эртеңкини да көрө билгендигинде. Окурман үчүн көп чыгармалары улам жаш өткөн сайын жаңы өңүттөн өзгөрүп турат. Маселен, «Гулсаратты» биз бала кезде жылкыга кызыгып окучу элек, жаш кезде махабат темасы кызык болду, 90-жылдары дагы бир окуп бүтүндөй коммунисттик доордун портретин көрдүк. Бара-бара жаш өткөн сайын мен үчүн Э.Хемингуейдин «Чал жана деңиз» чыгармасына окшоп барат. А.Твардовский: «Пушкиндин генийлиги- ал бизге бала кезде келет, ал эми биз аны улам жаш өткөндө түшүнөбүз» деп айтканы калетсиз кеп эмеспи.

Муну да окуңуз:

3. Адам жана жаныбар

Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында жаныбарлар: Бугу эне, Гүлсары, Акбара менен Ташчайнар, Каранар же Жаабарс, Кремлдеги Үкү чыгармада башкы каарман катары катышат. Алардын да адам сыяктуу бул дүйнөдө жашоого акысы бар. …Гүлсарынын өмүрү - бүткүлдөй бир коммунисттик доордун өмүрү. …Акбара менен Ташчайнардын өчү - табияттын өчү. …Бугу эненин баланы сактап калышы - адамзаттын табияттан көз каранды экендиги. …Ал эми Дөнөнбай ак куштун чакырыгы - жети атаңды биле жүр дегени. …Эне - Бейиштин тикен зым менен курчалганы - Советтик системанын кудайсыз калгандыгы. …Акбара менен Ташчайнар, же кечээки эле Жаабарс аркылуу не бир терең жана эскертүү коңгуроосу угулуп жатпайбы...

4. Согуш темасы

Чынгыз Айтматов ошол согуш доорунун дүйнөлүк дэңгээлдеги эң көрүнүктүү жазуучусу. «Эрте келген турналар», «Бетме бет», «Жамийла», «Саманчынын жолу» дээрлик согуш темасына арналган. Бирок ал согуштун жексурлугун согуш талаасындагы кыргылдашкан салгылашуу менен эмес, бир октун үнү угулбаган тылдагы адамдын гана трагедиясы аркылуу укмуштай көркөм айтып бере алган. Бир эле маселен Толгонай эненин монологу - бул Шекспирдик дэңгээлдеги улуу трагедия. Эң кызыктуу парадокс. Дүйнөдө Чынгыз Айтматовдун эң көп окуган эл немис эли, «Жамила» китеби эле 37 жолу кайра-кайра жарык көргөн.

5. Географиялык чексиздиги

Чынгыз Айтматовдун чыгармалары Таластын Шекер айылынан башталып, …кыргыздын тоо-ташын аралап өтүп, …казактын улуу талаасын Сары-Өзөктү аралап, …Орусиянын унутта калган түндүк элдеринде Охот деңизинде, …Москвада Кремлде, Германиянын шаары Гейдельбергде, …океандын үстүндө, аягы келип космосто уланат. Айтматовдун чыгармаларында Азиянын тоо-талаалары менен Европанын шаарлары кошо камтылган. Окуя бирде арабада өтсө, бирде поездде, бирде самолетто өтөт. Адамдан адамзатка, Бугу-Энеден Иисус Хростоско, Шекспирден Космоско чейинки аралыкты камтый алган Айтматовдун кеменгерлигине дагы бир жолу тап бересиң. Чынгыз Айтматов планетардык масштабга жетишкен өзгөчөлүгү мына ушунда болсо керек.

6. Миф жана реалдык жашоо

Чынгыз Айтматовдун чыгармалары «Ак-кемедеги» Бугу эне жомогунан башталып, Найман-эне, «Жетөө жана бирөө» грузин легендасы менен уланып, акыркы «Сардал кызга» чейин улам бир чыгармада улам жаңы икая толуктап, коштоп, параллелдүүлүк өркүндөп жүрүп отурат. Жомок менен реалдуу турмуш үзөңгүлөш жүрөт, айрыкча «Кылым карытар бир күн» чыгармасындагы Понтий Пилатка байланышкан окуялар же болбосо Чынгызхандын ак булуту. Же б.а. икая, баян, же притча бу чыныгы жашоонун балалык, аруу кези сыяктуу туюлат. Ошондогу эле каармандар бүгүнкү жашообузда биз менен бирге жүрүшөт. Жомок жаралгандан бери не бир кылымдар өттү, не деген цивилизациялар өзгөрүп, не деген технологиялар революция болду. А бирок, адамгерчилик революциясы боло элек. Тескерисинче артка кеткен жокпуз бу?

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде тартылган көркөм тасма

7. Сүйүү темасы

Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы өзгөчө жалындаган тема бул - албетте сүйүү темасы. Жөнөкөй адамдардын сүйүүсүндөгү улуу жана аруу сезимдер: …Асел менен Ильяс, …Мырзагүл менен Султанмурат, …Данияр менен Жамийла …, Раймалы менен Бегимай, …Эрдене менен Догулан. Же өтө этият, эч бир кол тийе элек бийиктеги гүл сымак булганалек Танабай менен Бүбүжандын, Эдигей менен Зарипанын мамилеси не деген керемет сезимдер.

Махабат темасы - адамды адам кылып турган эң бийик аруу сезим катары сүрөттөлөт. Азыркыдай жеңил, шоу сүйүү улуу жазуучу үчүн жат тема. Адамды сүйүү, бул жашоону, табиятты, сулуулукту, өмүрдү, сүйүү касиети менен бийиктеп отурат.

8. Адеп-ахлак темасы же жан-дүйнө экологиясы

Айрыкча Момун чал менен бала, Дүйшөн менен Танабай, Толгонай, Орган карыя менен Эдигей, Сейит менен Сейде, Казангап менен Арсен, Бостон менен Авдий Каллистратов, Филофей адамды адам бойдон калууга үндөп турган каармандар. Ошол эле учурда Орозкул, Базарбай, Сабитжан, Эрташ Курчал, Ташчайнаарсыз аталган чыгармаларды элестетүү мүмкүн эмес. …Ак менен кара, …күн менен түн, …сүйүү менен жек көрүү, …күлүк менен кашаң, …бала менен чал (же эне) Айтматовдук темада дайым эриш-аркак кездешет дал турмуштун өзүндөй болуп.

Демек, эң ириде биз адамбыз, адамзатпыз. Адамзаттын эң улуу озуйпасы - укумдан тукумга тирүүлүктү сактап калуу. «Саманчынын жолундагы» же «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» чыгармаларынын финалы баланын аман калышы менен аяктайт. Демек, улуу тирлик көчү уланып жатат деген кеп го. Айтматовдун ар бир чыгармасында өмүрдүн кереметтигин даңазалоо менен бирге: «Адамдар, адамдыктан кетпегиле» -деп, көр дүйнөдөн жан дүйнөнүн бийик экендигин айтып, маңкурт болуудан сактап калууга чакырык жана «жамандык кылба», «адам бол» «уурулук кылбы», «ушак айтпа» деген осуяты биздин кулагыбызга коңгуроо сымак угулуп тургандай. Адамдын жана адамзаттын жашоодогу парзы эмне деген суроого жооп издейт. Айрыкча, соңку «Тоолор кулаганда» чыгармасындагы «Өлтүрбө» деген сөз диний китептердеги насаат кеп сыяктуу туюлат.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Залкарлар Саякбай Каралаев жана Чыңгыз Айтматов

9. Эки тилде жазган залкар жазуучу

СССР убагында өз эне тилинде жана орус тилинде эки бирдей жазган, В. Быков, И.Друце, Р.Ибрагимбеков, Т.Пулатов сыяктуу акын жазуулар өтө сейрек болгон. Айтматов өзү теги кыргыз болуп туруп, орус тилинде Ф.Достоевскийдин деңгээлинде жаза билгендиги көп орус интеллектуалдарын тамшандырган. Манастын тили менен орустун тилин бирдей билген балким Айтматов жалгыз кыргыз болсо керек.

Кыргыз жана орус тили Чынгыз Айтматов чыгармаларын бийктикке көкөлөткөн эки канат сыяктуу. Эки тилде бийик чеберчиликте жаза билген залкар талант. Чынгыз Айтматов өз чыгармалары менен кыргыз тилинин эбегейсиз көркөм тил экендигин ачып берди.

Балким, көпчүлүк баамдай бербесе керек, 1980-жылдары «руханият», «инсан» жана «маңкурт» деген сөздөр көбүнесе Чынгыз Айтматов аркылуу таркаган. Айрыкча, «маңкурт» бүгүнкү күндө орус, англис, немис, кытай, араб ж.б. дүйнөлүк тилдерде котормосу жок «маңкурт» эле болуп которулат. Анын чыгармалары карапайым адам менен академикке бирдей түшүнүктүү.

Чынгыз Айтматов ал кездеги «Новый мир» журналынын башкы редактору Александр Твардовскийди өтө сыйлап, аэ эми улуу жазуучу М.Достоевскийдин чыгармачылыгын эң бийик баалаган.

10. Кыргыздын жан дүйнөсүн ачып берген улутман сүрөткер

Мисалы, Танабай бир эле кыргызга эмес, башка улуттагыларга да бирдей жөпжөнөкөй түшүнүктүү. Танабай, Толгонай, Момун чал, Эдигей, Дүйшөн - булар кыргыздын жан дүйнөсүн ачкан таасын образдар. Түпкүлүгү улуттук руханий суверинитетке умтулуу темасы камтылган. Маселен, «Кайрылып куштар келгиче» аңгемесинде улуу «Манас» эпосуна болгон чакырык камтылган. СССР доорунда эле кыргыздын байыркы тарыхы Энесайга байланыштуу экенин эң алгач айтып чыккан.

Дегеним, кыргыз эли сөздөн бүткөн эл. Кыргыздар гана ымыркай төрөлсө «бата» берип, сөз менен тосуп алат, …«бешик ырын» ырдап сөз менен сооротот. …Жылкы кайтарса, үрөн сээп, эгин эксе, ашыгзар болсо баарын ырдап, сөзү менен билгизет. …Жоого аттанарда сөз менен ант берет. …Өлгөндө да сөз чыгарып, кошок кошуп узатат. …Андан да сөз менен жаан жаадырып, сөз менен адамды оорудан айыктырат. Өзүнөн алда канча саны көп жоо менен чабышканда, кырылып жок болуп кетээрде сөз менен кайра тирилген элбиз. Сөздү кылыч кылып, сөз менен «Улуу кыргыз сепилин» курган элбиз. А болбосо океан сымал «Манас» кайдан жаралмак эле.

Чынгыз Айтматовдон «Эгерде өз улутундагы эң улуу адамдардан кимди билесиң деп сураса, мен эң ириде Саякбай Каралаевдин ысымын айтмакмын» деп жооп берип атпайбы. «Манас» эпосу кара сөз менен адегенде Чынгыз Айтматовдын демилгеси боюнча Кеңеш Жусупов менен Ашым Жакыпбеков тарабынан жазылганын унутпасак. 1984-1985-жылдары 400-450 миң калк жашаган Фрунзе шаарында бир эле кыргыз мектеби бар экенин, ал эми Токмок шаарында деги эле кыргыз мектеп жок экенин, бир орус жашабаган Нарын облусунда гезиттин аты «Нарын правдасы» деп аталганын эң ириде Чынгыз Айтматов айтып чыккан.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 150 өлкөдө 100 миллиондон ашык нуска менен жарык көрдү.

11. Айтматовиада дүйнөсүн жаратты

Башкача айтканда кыргыз адабияты гана эмес, …кыргыз театры, …кино өнөрү, …опера жана балет өнөрү, …хореография, …живопись, …көркөм сүрөт өнөрү, …музыка, …скульптура, деги эле улуу жазуучунун чыгармаларынан таасир албаган бир да өнөр тармагы калбады. Улуттук кино дүйнөдө «кыргыз керемети» даражасына ээ болду. Жазуучунун чыгармаларынын негизинде эле 20дан ашык көркөм фильм тартылган. Улуу таланттар Т.Океев, Б.Шамшиев, С.Чокморов, С.Күмүшалиева, Б.Кыдыкеева, К.Молдобасанов, Д.Садырбаев жана башка таланттар эң ириде Чынгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу бийиктикке чыгышты. Чынгыз Айтматов аркылуу улуттук маданият менен искусствобуз жалпы дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлдү.

12. Айтматовдук айкөлдүк

Лениндик сыйлыктын ээси, Социалисттик эмгектин Баатыры намына ээ болгон соң Чынгыз Айтматов көп аты билинбеген жазуучулар менен авторлош болуп (мисалы жапон философу Дайсаку Икэда, казак драматургу Калтай Мухамеджанов, казак акыны Мухтар Шаханов), алардын да ысымдарын дүйнө окурмандарына кеңири тарады. Бул Чынгыз Айтматовдун айкөл мүнөзүнөн кабар берет. Ал эми «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» чыгармасын эң аз сандагы нивх элинин али көпчүлүк тааный элек жазуучу В.Сангиге арнаган.

Кыргыз сүрөткери Чыңгыз Айтматов аалам алптары А.Пушкин, У.Шекспир, О. Де Бальзак, В.Гюго, Г.Гете, Вольтер, Ф.Достоевский, Л.Толстой, Э.Хемингуэй сыяктуу улуу бийиктиктеги жаратман экенин бүгүн аңдабасак да эртең моюнга аларбыз.

Дүйнөдө болгону саналуу эле империя болгон. Аны саналуу эле элдер курган. Алардын бири - биз, кыргыздар. Биздин ата-бабалар IX - X кылымдарда эле «Улуу кыргыз каганатын» курушкан. Тиягы Байкал, быягы Кашкарга чейинки чөлкөмдү бийлеп, улуу кыргыз доору жүргөн.

Эми эртедир-кечтир, замандын бир заманында кайрадан бир империя курушубуз керек эле. Доор өзгөрдү. Приоритеттер өзгөрдү. Нарк өзгөрдү. Демек, аскерий эмес, башкача каганат курушубуз зарыл болчу.

Биз аны кура алдык. Бир эле улуу сүрөткер Чыңгыз Айтматовдун кудурети менен гана. Ал аскерий же экономикалык империя эмес, ал нукура руханий каганат. Бул каганат сөз касиетинен курулду.

Себеби Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 150 өлкөдө 100 миллиондон ашык нуска менен жарык көрдү. Окумдуулугу боюнча дүйнөдө У.Шекспирден, Лев Толстойдон кийинки үчүнчү орунга чыкты. Кимде ким Айтматов аркылуу кыргыз жан-дүйнөсүн таанып, биздин кыргыз элибиз жөнүндө жакшы ойдо болсо мен анын баарын кыргызстандык деп ээсептейм.

Аз сандагы элдерден дүйнөдө Чыңгыз Айтматов сыяктуу кеменгерлер сейрек жаралат.

Сегиз миллиард чамалаш дүйнө калкы. Арасында алакандай 6 миллион кыргыз эли, өтө чаканы кумшекердин бүртүгүндөй болуп. Анан дүйнөнүн алп жазуучусу ошол кичинекей кыргыз элинен болуп атпайбы.

Бу не деген улуттук сыймык.

Биз, акыркы 1000 жылда Манасты жаратып, улут болуп сакталып калсак, соңку 100 жылда Айтматов аркылуу дүйнөгө таанылдык.

Кыргыздын жери керемет. …Тарыхы керемет. …Тоосу керемет. …Суусу керемет. …Манасы менен Айтматову керемет. Ушул кереметтерди бийик тутуп Айтматов менен Манасты окуган сайын улам арууланып, кыргыз экенибизге моокубуз канбай, улуттук намысты туу кылып өмүр көчүн улай берели, ардактуу мекендештер.